АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Кытай үчүн Иранга Ормуз кысыгын ачуу боюнча басым жасоо пайдалуу экенин билдирди.
«Биз бул аргументти Кытайга айттык жана ынанымдуу болду деп үмүттөнөм. Ушул аптанын аягында Бириккен Улуттар Уюмунда бул боюнча аракет көрүүгө мүмкүнчүлүгү болот», - деди Рубио Кытайдагы сапары маалында. Бул тууралуу Fox News кабарлады. Ал жакка Рубио АКШ президенти Дональд Трамп менен эки күндүк саммитке барган.
Рубионун айтымында, Иран аймактагы өлкөлөрдүн коргонуу системаларын «көп сандагы ракеталар жана дрондор» менен алсыратуу аракетин көрүүдө. Ошондой эле өзөктүк программасына каршы мүмкүн болгон чабуулдарга жооп катары Перс булуңундагы өлкөлөргө чоң зыян келтиребиз деп коркутуп жатканын кошумчалады.
Рубио Ормуз кысыгындагы кырдаал башка өлкөлөргө караганда Кытайга көбүрөөк зыян алып келип жатканын айтып, Бээжин Иранга басым жасап, анын аракеттерин токтотууга көндүрүшү керек деди.
«Бул маселени чечүү Кытайдын өз кызыкчылыгына туура келет», - деди Рубио.
Ал ошондой эле Кытайдын кемелери Перс булуңунда кармалып турганын жана өткөн жумада кытайлык жүк ташуучу кеме «кокустан болсо да» чабуулга кабылганын белгиледи.
«Биз Кытайды Иранды азыр Перс булуңундагы аракеттеринен баш тарттырууда активдүү роль ойноого көндүрөбүз деп үмүттөнөбүз»,- деп кошумчалады Рубио.