Талгат Аширбеков Кыргызстандын Мисирдеги элчиси болду

Талгат Аширбеков.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Мисирдеги элчиси кылып Талгат Аширбековду дайындады. Бул тууралуу президенттин администрациясы 15-майда маалымат таратты.

Ачык булактардагы маалыматка караганда, 43 жаштагы Талгат Аширбеков 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.

Жапаров былтыр декабрда Мисирдин борбору Каирде Кыргызстандын элчилигин түзүү боюнча жарлык чыгарган. Буга чейин Мисир менен дипломатиялык кызматташтыкты Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги айкалыштыруу тартиби менен жүргүзүп келген.

Дагы караңыз

Сузак: МИКке үй-жайын берген жаран кенемте ала албай жатканын айттыЖапаров Түрк мамлекеттери уюмунун жыйынына катышуу үчүн Казакстанга бардыУлуттук илимдер академиясында жетекчи алмаштыЧүйдө унаа сүзүп кеткен беш адам каза болду. Алардын төртөө жаш балдар