Улуттук илимдер академиясынын президенти Канатбек Абдрахматов кызматтан алынды. Бул тууралуу жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башчынын администрациясы 15-майда билдирди.
Улуттук илимдер академиясынын мүчө-корреспонденти Бекмамат Женбаев жаңы жетекчи болуп дайындалды.
Канатбек Абдрахматов академияны 2022-жылдын ноябрынан бери башкарып турду.65 жаштагы Бекмамат Женбаев биология илимдеринин доктору. Ал буга чейин мекеменин Биология-кыртыш институтунун директору болуп иштеген.
Улуттук илимдер академиясы бир нече илимий институттан турат. Бул мекеме 1950-жылдары негизделген. Кыргызстан эгемендик алгандан кийин улуттук деген макам берилген.
Шерине