Кытайдын лидери Си Цзиньпин Вашингтонго Иран чатагы учурунда Ормуз кысыгы аркылуу кемелердин тоскоолдуксуз өтүшүн камсыздоого көмөктөшүүнү сунуштады. Бул тууралуу АКШнын президенти Дональд Трамп Fox News басылмасына курган маегинде билдирди.
Трамптын сөзүнө караганда, Кытайдын төрагасы Вашингтон менен Тегерандын макулдашуусуна кызыкдар.
"Президент Си келишим түзүлүшүн каалайт. Ал "Эгер мен кандай жардам бере алсам, жардам бергим келет" деп жардамын сунуштады", – деди АКШнын президенти.
Трамп ошондой эле Си Цзиньпин Иранга аскер техникасын бербөөгө убада кылганын айтты. "Бул өтө олуттуу билдирүү", – деп белгиледи ал.
Ак үйдө ошондой эле Бээжин Ормуз кысыгынан көз каранды болбоо үчүн америкалык мунайды ири көлөмдө сатып алууга кызыкдар экенин билдирди. Тараптар кысык эл аралык соода үчүн ачык болушун жана милитаризацияга дуушар болбошу керектигине макул болушту.
Кытай Ормуз кысыгы аркылуу өтүүчү мунайдын ири импортеру. Ирандагы согуш башталгандан кийин Бээжин ташуудагы үзгүлтүктөргө карабай Ирандын мунайын сатып алууну улантууда.
The New York Times гезитинин маалыматына караганда, АКШ менен Ирандын апрелдеги ок атышпоо келишимине жетишүүсүнө дал ушул Кытай чоң роль ойногон.
Ошол эле учурда The Washington Post америкалык чалгынга шилтеме кылып Бээжин Ирандын айланасындагы жаңжалды аскердик жана экономикалык тармакта позициясын күчөтүүгө колдонуп жатканын жазды. Басылманын маалыматында ошондой эле Кытай согуш башталгандан кийин АКШнын Перс булуңундагы союздаштарына курал берген жана Ормуз кысыгы чектелгенде энергетикалык көйгөйлөргө туш болгон өлкөлөргө жардам бергени жазылды.
Шерине