Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын туткунунан өлкөгө 205 адам кайтканын ырастады. Ал муну "1000ге 1000 алмашуунун биринчи этабы" деп мүнөздөдү.
"Бошотулгандардын арасында катардагы жоокерлер, сержанттар жана офицерлер бар. Алардын көпчүлүгү 2022-жылдан бери туткунда болушкан. Алар Украинаны Мариуполдо, "Азовсталда", Донецк, Луганск, Харьков, Херсон, Запорожье, Сумы жана Киев багыттарында жана Чернобыл атомдук электр станциясында коргошкон", - деп билдирди Зеленский.
Украинанын согуш туткундары боюнча координациялык штабы бул айырбаштоо алкагында өлкөгө 21 жаштан 62 жашка чейинки курактагы жоокерлер кайтып барышканын тактады.
Буга чейинки айырбаштоо жараяндары сыяктуу эле алгачкы маалыматты Орусиянын Коргоо министрлиги жарыялады. Сүйлөшүүлөргө Бириккен Араб Эмирликтери (БАЭ) ортомчулук кылды.
Орусия менен Украина миң кишиден айырбаштоого даярдык көрүп жатышканын алгач АКШ президенти Дональд Трамп жарыялаган.