Киевде жапырт ракета жана дрон соккусунан набыт кеткендер саны 24кө жетти

Орусиянын соккусунан Киевде бир ыптасы толугу менен урап калган үй. 14-май, 2026-жыл. Украина.

Киевдин Дарницкий районунда орус армиясынын аба соккусунан набыт болгондордун саны 24кө жетти. Алардын арасында үч бала бар. Бул тууралуу Украинанын ички иштер министри Игорь Клименко билдирди.

15-май Киевде аза күтүү күнү деп жарыяланды.

Чабуул 14-майга караган түнү жасалган. Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн маалыматына ылайык, орус аскерлери Украинага 56 ракета жана 675 дрон менен сокку урган. Негизги чабуул башкалаага коюлган.

Анын натыйжасында Дарницкий районунда тогуз кабаттуу үйдүн бир ыптасы толугу менен урап түшкөн.

Куткаруу операциясы 28 сааттан ашык убакытка созулду. 48 адам жаракат алды. Алардын көбү урандылардын алдынан чыгарылган.

Украинанын президенти Владимир Зеленский жаракат алгандарга жана үй-жайсыз калгандарга сөзсүз жардам көрсөтүлүшү керек экенин айтты.

Ал ошондой эле трагедия болгон жерге барды.

«Адам өмүрүнө атайылап кол салып, жазасыз калабыз деп үмүттөнгөн Орусияны эч качан кадимки көрүнүш катары кабыл албаш керек. Ага басым жасоо зарыл. Балдардын өмүрүн алган мындай соккулар андан ары жайылып кетпеши үчүн Европаны жана дүйнөнү дал Украина коргоп жатат», — деп жазды Зеленский.

Ал Орусиянын соккуларын айыптагандардын баарына ыраазычылык билдирип, Украинага абадан жасалуучу соккулардан коргонуу каражаттарын көбүрөөк берүүгө чакырды.

Ал эми Орусиянын Коргоо министрлиги соккулар аскердик объектилерге жана коргонуу өнөр жай ишканаларына жасалганын билдирүүдө.

Дагы караңыз

Талгат Аширбеков Кыргызстандын Мисирдеги элчиси болдуУкраина менен Орусия 205 кишиден туткун айырбаштадыСузак: МИКке үй-жайын берген жаран кенемте ала албай жатканын айтты