Президент Садыр Жапаров Кыргызстандын Мисирдеги элчиси кылып Талгат Аширбековду дайындады. Бул тууралуу президенттин администрациясы 15-майда маалымат таратты.
Ачык булактардагы маалыматка караганда, 43 жаштагы Талгат Аширбеков 2022-жылдан бери президенттин администрациясынын тышкы саясат бөлүмүнүн башчысынын орун басары болуп иштеген.
Жапаров былтыр декабрда Мисирдин борбору Каирде Кыргызстандын элчилигин түзүү боюнча жарлык чыгарган. Буга чейин Мисир менен дипломатиялык кызматташтыкты Кыргызстандын Сауд Арабиядагы элчилиги айкалыштыруу тартиби менен жүргүзүп келген.
Шерине