"Орусия тынч жашап жаткан кишилерди жок кылды". Киевде соккудан 24 өмүр кыйылды

15-майда окуя болгон жерге украин президенти барып кетти. Киев

Киевде бүгүн 15-майда аза күтүп жатышат. Орусиянын бейшембиге караган түнү урган соккусунан каза болгондордун саны 24 кишиге жетти, арасында жашы жетелек үч бала бар. Бир дүрмөт тогуз кабат турак жайга тийгенде анын бир подъезди толугу менен урап калган. Куткаруу иштери 28 саатка созулду.  

Согуш башталгандан бери Киевге мынчалык катуу чабуул сейрек коюлуп келген. Жума күнү украин куралдуу күчтөрү Орусиянын Рязан шаарын аткылаганы кабарланды. Ал арада тараптар туткун айырбаштады.

Аза күткөн киевдиктер эртеден баштап 24 кишинин өмүрү кыйылган жерге гүл, шам, балдардын оюнчуктарын алып келип жатышат.

Көз жашын тыя албаган 57 жаштагы Любовь Тимченко эч кандай күнөөсү жок, "өз оокатын кылып жашап аткан кишилерди орусиялыктар өлтүргөнүнө" кейип турат:

"Абдан кайгылуу окуя, балдар да, чоңдор да эс алып, кыялданып, иштеп, кадимкидей өмүр сүрүп жаткан. Аларды бир заматта жок кылышты, ошол кишилерди жөн эле жок кылып салышты".

Дүрмөт тийген подъездде 34 жаштагы Татьяна Прудиустун курбусу жашачу. Ал күйөөсү менен кошо мерт кетти:

"Бир нерсени айтат элем: ушундан кийин да биз багынбайбыз. Себеби биз күчтүү элбиз. Өмүрү кыйылган 9-класстын окуучусу да күчтүү элдин бири болчу. Кечээ кыздын классташтары, башка класстарда окугандар да, мектеп бүтүрүүчүлөрү, бардыгы бул жерге келди. Биздин жаштар мындан жакшы тагдырга татыктуу".

Орусиянын чабуулунан кабат үйдүн бир подъезди урап калды. Киев, 14-май 2026-жыл.

Украинанын Чукул кырдаалдар кызматы 15-майда билдиргендей, Киевге урулган соккудан 24 киши набыт болду. Жаракат алган 48 кишинин катарында эки бала бар. 30 чакты тургунду урандылардан аман-эсен алып чыгышты.

Ички иштер министри Игор Клименко борбор шаардын Дарницкий районундагы куткаруу операциясы 28 саатка созулуп, жума күнү аяктаганын Телеграм каналына жазды. Калаа мэри Виталий Кличко 15-майды аза күтүү күнү деп жарыялады.

Украин расмий өкүлдөрү бул Киевге коюлган каттуу чабуулдардын бири болуп калганын белгилешет.

38 жаштагы Ольга түнкү аткылоону сүрөттөп жатып алардын району мурда мындай үрөй учурган соккуга кабылбаганын, жашоосундагы эң коркунучтуу түн болгонун айтып берди.

Трагедия болгон жерге жума күнү украин президенти Владимир Зеленский барып кетти. Ал жарадар болгондорго жана үйүнөн ажырагандарга жардам берилиши керектигин айтты.

Алдыңкы күнү баштапкы маалыматка таянып президент орус аскерлери Х-101 ракетасы менен атканын билдирген.

"Биз кандай курал, ракеталар менен дрондордун кайсы түрү колдонулганын иликтеп жатабыз. Баштапкы маалыматка караганда, Киевдеги үйгө Х-101 ракетасы тийген. Ал быйылкы жылдын экинчи кварталында жасалыптыр. Демек, Орусия санкцияларды кыйгап, ракета жасоо үчүн зарыл болгон тетиктерди, жабдууларды дагы деле импорттоп жатат. Бардык өнөктөштөрүбүз Орусиянын санкцияларды буйтоо схемаларын токтотууга артыкчылык берүүгө тийиш", - деген Зеленский.

Орусиянын Коргоо министрлиги украин башкалаасын аткылоону комментарийлеген жок. Ал күнү Украинанын Киевден башка дагы бир нече аймагына жапырт сокку урулган. Адатта Москва жайкын жашоочуларды жана жарандык жайларды бутага алганын танып келет.

15-майда Орусиянын Рязан шаарындагы көп кабаттуу эки турак үйгө дрон тийгенин, анын сыныктары өнөр жай ишканасына кулаганын жана үч киши мерт кеткенин облус губернатору Павел Малков билдирди. Кийинчерээк Орусиянын Тергөө комитети төрт киши, арасында жашы жете элек бир бала каза тапканын тактады.

Astra жана башка Телеграм каналдардын маалыматы боюнча, Рязандагы мунай иштеткен завод чабуулга туш болду. Интернетте жарыяланган сүрөттөрдө шаар үстүндө асманга калың түтүн көтөрүлгөнү тартылган.

Жылына 17,1 миллион тонна кара май иштеткен завод Орусиядагы ири заводдордун бири. Ал жакта бензин, дизель, реактивдүү суюк отун, суюлтулган газ чыгарылат. Ишканада жылына болжол менен 840 тонна авиациялык керосин өндүрүлөт жана орус армиясынын Аба-космос күчтөрүн камсыздап турат. Украин куралдуу күчтөрү аны буга чейин да аткылаган.

Туткундан кайтып келген украин аскерлери. 15-май 2026-жыл

Ал ортодо тараптар согуш туткундарын айырбаштады. Бул жолу мекенине 205тен жоокер кайтарылды. Зеленскийдин айтымында, бул бир миңден кишини алмашуу форматындагы жараяндын алгачкы этабы болду.

Украин президенти бошотулгандардын арасында 2022-жылдан бери туткунда кармалып келгендер, Мариуполдо, Донецк, Харьков, Луганск, Херсон багыттарында согушкандар бар деп кошумчалады.

Орусиянын Коргоо министрлиги Украина өткөрүп берген аскерлер Беларуска жеткирилгенин билдирди.

Туткундарды айырбаштоо Бириккен Араб Эмирликтеринин арачылыгы менен жетишилди.