Мындай өтүнүч 15-майда Бишкек мэринин Ленин районунун жашоочулары менен жолугушуусунда көтөрүлдү. Шаар тургуну Касаналиева Жылдыз мэр Айбек Жунушалиевден калаадагы электр чыгырык жана мопед айдаганда эреже бузгандарга чара көрүүнү суранды.
Ал “жөө жүргүнчүлөргө, айрыкча кош бойлууларга коркунуч жаралып жатканын” айтты.
Жунушалиев мындай каражаттар шаардагы жол тыгынын азайтуунун бир мүмкүнчүлүгү экенин белгилеп, бирок эреже сактабай айдагандарды сынга алды:
“Биз жол инфраструктурасына эми гана көңүл бура баштадык, бул биздин кемчилигибиз болгон. Аларга эркин жүрүүгө шарт түзгөн жол инфраструктурасы жок. Бул боюнча нормативдерди, жол-жоболорду улам иштеп жатабыз, алар жөө жүргүнчүлөргө коркунуч жаратпагандай болушу керек”.
Мэр велосипед, чыгырыктар үчүн тилкелерди бир тараптуу кылып, кыймылдын багытын көрсөткөн белгилер орнотулуп жатканын кошумчалады. Мындан тышкары чыгырыктар үчүн саатына 15 чакырым ылдамдыктан ашпай турган талапты киргизүү каралууда.
Бишкек шаарынын Кайгуул-күзөт кызматынын былтыр июлдагы маалыматына караганда, Бишкекте алты айда чыгырыктын айынан 179 кырсык катталган. Андан 192 адам жаракат алган.
Соңку жылдары Кыргызстанда, айрыкча Бишкекте электр чыгырыктарды көчө боюна коюп, каалоочуларга ижарага берген чакан компаниялар көбөйдү. Алар кардар менен түздөн-түз байланышпайт, ижара акысын кардардын чөнтөк телефонундагы атайын мобилдик тиркеме аркылуу алып турат.