Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:43

Орусиянын Рязан шаарында дрон чабуулу үч адамдын өмүрүн кыйды

Орусиядагы мунай заводуна жасалган чабуул. Архивдеги сүрөт.
Орусиядагы мунай заводуна жасалган чабуул. Архивдеги сүрөт.

15-майга караган түнү Орусиянын Рязан облусу дрон чабуулуна кабылды. Жергиликтүү бийликтин маалыматына ылайык, үч адамдын өмүрү кыйылып, 12 киши жаракат алды.

Жабыркагандардын арасында балдар дагы бар.

Облус губернатору Павел Малков Рязан шаарында көп кабаттуу эки үй жабыркаганын билдирди. Анын айтымында, дрон сыныктары өнөр жай ишканаларынын биринин аймагына дагы түшкөн.

Жабыркаган үйлөрдүн тургундары эвакуацияланып, мектептерде жана бала бакчаларда окуу токтотулду.

Astra жана башка Телеграм каналдар чабуул Рязан мунай иштетүүчү заводуна багытталган болушу мүмкүн экенин жазышты.

Интернетке чыккан видеолордо заводдун аймагынан көтөрүлгөн коюу түтүн көрүнөт.

Рязан заводу Орусиядагы эң ири мунай иштетүүчү ишканалардын бири болуп эсептелет. Анын жылдык кубаттуулугу 17,1 миллион тонна мунайды түзөт.

Завод бензин, дизель, авиациялык күйүүчү май жана суюлтулган газ чыгарат.

Ачык маалыматтарга ылайык, ишкана жыл сайын болжол менен 840 миң тонна авиациялык керосин өндүрүп, Орусиянын аба-космос күчтөрүн камсыздайт.

Буга чейин украиналык дрондор бул объектке бир нече жолу чабуул койгон.

Орусиянын Коргоо министрлиги түн ичинде аймактар үстүнөн 355 украиналык дрон атып түшүрүлгөнүн билдирди.

14-майга караган түнү Орусияны армиясы Украинанын аймагына ракеталардын түрүн, дрондорду колдонуу менен жапырт сокку урган. Чабуулдун натыйжасында баш калаа Киевде 24 киши жан таслим болду. Украинанын президенти Владимир Зеленский Киев жооп кайтарарын билдирген.


Шерине

XS
SM
MD
LG