Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2026-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:12

Казакстан менен Түркия ANKA аскердик дронун бирге чыгаруу келишимине кол коюшту

Түркиянын ANKA дрону
Түркиянын ANKA дрону

Астанага мамлекеттик сапар менен барган Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Казакстандын президенти Касым-Жомарт Токаев менен дрон жана мунай өндүрүү боюнча келишимдерге кол коюшту.

Түркиянын ANKA аскердик дронун өндүрүү жана тейлөө боюнча биргелешкен ишкана түзүү тууралуу келишим кабыл алынды. Бул дрондор Түркияда 2013-жылдан бери чыгарылып келет. Учкучсуз аппараттар согуш шартында сыноодон өткөн.

Биргелешкен ишкана түзүү тууралуу алгач 2023-жылы айтылган.

Ошол кезде Казакстандын коргоо министринин орун басары Султан Камалетдинов акыркы куралдуу жаңжалдар дрон колдонуунун маанилүүлүгүн көрсөткөнүн билдирген.

«Биз мунун актуалдуулугун түшүнөбүз жана тиешелүү чараларды көрүп жатабыз. Азыркы учурда биз даяр дрондорду сатып алуу менен катар өзүбүздүн аппараттарды дагы иштеп чыгып жатабыз. Бизде Израил жана Кытай өндүрүшүндөгү дрондор бар. Ошондой эле түрк компаниялары менен биргелешкен ишкана түзүү боюнча сүйлөшүүлөр жүрүп жатат», — деген Камалетдинов.

Ал ошондой эле Казакстан өзүнүн учкучсуз аппараттарын дагы иштеп чыгып жатканын белгилеген.

Дрондун салмагы 1700 килограмм. Ал 350 килограммга чейин жүк көтөрө алат. Учуу убактысы 30 саатка чейин жетет, ал эми максималдуу учуу бийиктиги — 9000 метр. Канатынын узундугу 17,5 метр.

Мындан тышкары, мунай-газ долбоорлорун биргелешип ишке ашыруу боюнча «КазМунайГаз» компаниясы менен Türkiye Petrolleri Anonim Ortaklığı ортосунда меморандумга кол коюлду.

Ошондой эле Түркия Казакстанда «Маариф» түрк фондунун эки мектебин ачып, оорукана куруп берүүнү пландап жатат.

Түркиянын аэропортторду тейлеген TAV Holding компаниясы дагы Казакстандын өкмөтү менен инвестициялык келишимге кол койду.

Бул келишимдердин баары 14-майда өткөн сүйлөшүүлөрдө жана Казакстан–Түркия стратегиялык кызматташтык кеңешинин алтынчы жыйынында талкууланды.

Жыйында тараптар энергетика, коргонуу, соода, маданий-билим берүү жана логистика маселелерин карашты.

Токаев Түркия Казакстандын экономикасына 6 миллиард доллар инвестиция салганын, ал эми Казакстандын Түркияга салган инвестициясы 2,5 миллиард долларга жеткенин айтты. Анын айтымында, эки өлкө «Түбөлүк достук жана кеңейтилген стратегиялык өнөктөштүк жөнүндө» декларация кабыл алганы жатат.

Шерине

XS
SM
MD
LG