Бишкектеги айланма жол тыгын маселесин чечеби?
Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.
Мамлекет ишке ашырып жаткан Бишкектин түндүк айланма жолун кеңейтүү жана оңдоо долбоору ортолоп калды. Жаңыланып жаткан 33 чакырымдык жол жыл соңуна чейин пайдаланууга берилиши керек. Бул арада акы төлөнүүчү борбордун чыгыш айланма жолун куруу иштери уланууда. Ага тушташ шаарда түштүк айланма жолун долбоорлоо башталды. Бийлик үч жылда баш калааны айланган шакекче толук туташса тыгын маселесин азайтууга салым кошот деп ишенүүдө. Бишкекте жаңы турак жайлар курулуп, улам кеңейген сайын жол тыгыны шаарда жылдан-жылга күчөп баратат.