Конго Демократиялык жумуриятында расмий санактарга караганда, эбола вирусунан 131 киши көз жумду. 19-майда өлкөнүн бийлиги тараткан маалыматка караганда, акыркы 24 саатта дагы 26 кишинин вирусту жуктуруп алганы аныкталды, дагы 513 тургундун анализдери текшерилүүдө.
Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму (ДССУ) эболанын тарашына байланыштуу камтамасын билдирди.
Ооруга чалдыккандардын бири африкалык өлкөдө иштеген америкалык дарыгер экенин АКШнын Илдеттерди көзөмөлдөө жана алдын алуу борбору (CDC) кабарлады. Ал Германияга дарыланууга жөнөтүлмөкчү.
Кошуна Угандада вирус жуккан дагы эки киши катталды.
ДССУнун башкы директору Тедрос Адханом Гебрейсус өткөн ишембиде "Бундибугйо" деген кооптуу штаммдын жайылышын эл аралык деңгээлдеги чукул кырдаал деп жарыялаган. Вирустун бул түрү аз изилденген, ага каршы вакцина жана дары жок, 30% учурда бейтаптын өлүмүнө алып келет.
Конго Демократиялык жумуриятынын бийлиги вирус улам бир аймакка тарап жатканын билдирүүдө.
Эбола кайра баш көтөргөнү тууралуу маалымат 15-майда чыккан. Ушуну менен бул өлкөдө 17-жолу сөз болгон вирустун эпидемиясы катталууда. 2025-жылы андан 34 адам каза болгон. 2018-2020-жылдары илдет 2300 кишинин өмүрүн алган. Ага чейин, 2014-2016-жылдары Батыш Африкада 11 миңден ашуун киши кайтыш болгон. Ал кезде ооруга чалдыккандар АКШ, Британия жана Италияда катталган.
Жалпысынан 50 жыл ичинде эболадан Африкада 15000ге жакын адам көз жумду.