Эстониянын өкмөт башчысы Кристен Михал шейшембиде өлкөнүн үстүнөн учкучсуз учак атып түшүрүлгөнүн билдирди. Маалыматты кийинчерээк коргоо министри Ханно Певкур бышыктады.
Жергиликтүү медиа жазгандай, учкучсуз аппаратты НАТОнун истребители атып түшүрдү. Певкурдун айтымында, аны Эстониянын Абадан коргонуу системасынын радарлары аныктап, румыниялык учак жол кылды.
Министр ал Орусиядагы бутага бет алган украиналык дрон болушу ыктымал деп айтты. Певкур украиналык коргоо министри телефондон сүйлөшүүсүндө кечирим сураганын кошумчалады.
Ага чейин Эстониянын түштүгүндө жана Латвиянын бир катар райондорунда абадан коркунуч жаралганы эскертилген. Анын айынан айрым жүргүнчү ташыган поезддер токтоп турду.
Балтиканын абадан коргонуу миссиясынын алкагында Эстония, Латвия жана Литванын асманын НАТОнун учактары кайтарат. Ал үч өлкөнүн өтө тез учкан аскердик учактары жок.
Орусия буга чейин Латвиянын дарегине коркуткан билдирүүлөрдү жасап келген. 19-майда орус Тышкы чалгын кызматы украин аскерлери Латвиянын аймагынан Орусиядагы жайларга дрондордон сокку урганы жатышат деп айыптаган. Расмий Рига дооматты четке каккан.
Москва Эстония менен Латвия Орусияга бет алган украиналык дрондорго өз аба мейкиндиктерин колдонууга уруксат берген деп да күнөөлөп жүрдү.