Достук бар, газ кууру дале жок. Путин Бээжинден куру жалак кайтабы?

Си Цзиньпин менен Владимир Путин. Бээжин, 2026-жылдын 20-майы.

20-майда Бээжинде Кытай жана Орусия президенттери бир катар келишимдерге кол койду. Си Цзиньпин менен Владимир Путин "Батыш үстөмдүк кылган" глобалдык түзүлүшкө каршы биргелешип туруштук бергенин көрсөтүүгө умтулат.

Москва Ирандагы согуштан улам келип чыккан дүйнөлүк рыноктогу олку-солкунун фонунда Кытай менен энергетика тармагында кирешелүү келишимдерди түзүүгө аракеттенүүдө. Байкоочулар АКШнын Иранга каршы согуш ачканы Орусиянын Кытай менен газ келишимин түзүү шанстары жогорулаганын айтып келген. Бирок Путин үчүн маанилүү “Сибирдин күчү-2” деген газ куурун салуу долбоорун ишке ашырууда олуттуу прогресске жетишилген жок.

Сүйлөшүүлөрдөн кийин эки лидер стратегиялык жана экономикалык карым-катышты өнүктүрүүгө багытталган бир катар келишимдерге кол койду.

Сиздин браузер HTML5 ыкмасын колдобой жатат.

Путин менен Си газ кууру боюнча макулдашкан жок

Си Цзиньпин кол коюу аземинде дүйнө “жунгли мыйзамдары өкүм сүргөн абалга батуу коркунучуна кептелгенин”, гегемонияга каршы турушарын эскертти:

"БУУнун Коопсуздук кеңешинин туруктуу мүчөлөрү болгон Кытай жана Орусия алдыңкы державалар катары өз милдеттерин бекем аткарууга, Улуттар уюмунун аброюн жана эл аралык адилеттүүлүктү коргоого, бир тараптуу опузалоого жана тарыхтын багытын өзгөрткөн аракеттерге, өзгөчө Экинчи дүйнөлүк согуштагы жеңиштин жетишкендиктерин танган, фашизм менен милитаризмди актоого аракеттенген күчтөргө туруштук берүүгө тийиш".

Си Цзиньпин “өнүгүү жана кайра жаралуу” жолуна түшкөн эки өлкө бири-бирин мурдагыдай колдоого тийиш деп белгилесе, жолугушуудан кийинки пресс-конференцияда Владимир Путин ортодогу алака мурда болуп көрбөгөндөй деңгээлге чыкканын айтып, Ирандагы согуштун, Ормуз кризисинин фонунда Орусия “энергиянын ишенимдүү экспорттоочусу бойдон кала бергенине токтолду:

"Орусия менен Кытай энергетикалык сектордо активдүү кызматташат. Биздин өлкө Кытайга мунай, жаратылыш газынын, анын ичинде суюлтулган газдын жана көмүрдүн эң ири экспорттоочуларынын бири. Албетте, биз тез өсүп жаткан Кытай рыногуна сөз болгон энергия ресурстарын мындан ары да үзгүлтүксүз жеткирүүнү улантууга даярбыз".

Дагы караңыз

Жарыша куралдануу башталдыбы? Трамп менен Путиндин билдирүүлөрү

Москва Бээжин менен энергетика тармагында узак мөөнөттүү келишимдерди түзүүгө аракет кылып келатат.

"Кытай Орусиянын экономикалык абалы качан начарлайт деп күтөт"

Украинага басып киргенден бери европалык газ рыногунан кол жууп калган Орусия “Сибирдин күчү-2” деген долбоорго үмүт артууда. Ал куурду салуу иши улам өскөн баалар, курулушка кеткен чыгым, көгүлтүр газдын көлөмү өңдүү маселелерден улам кийинкиге калып келатат. Анын үстүнө Бээжин орус энергия булактарынан көз каранды болуп калуудан чочулайт.

Достук жана стратегиялык кызматташтык жөнүндөгү убадаларга карабай бул жолку сүйлөшүүлөр да куурду бүткөрүү жаатында олуттуу прогресске алып келген жок.

Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков долбоордун маршруту жана курулуш ыкмасы өңдүү негизги пункттар боюнча мунасага келишкенин кабарчыларга билдирди. Бирок анын башка чоо-жайын ачыктабастан, куур качан салынып бүтөрү белгилүү боло электигин, айрым деталдарды тактоо зарылдыгын кошумчалады.

Дагы караңыз

Бээжиндеги аскердик парад жана үч лидердин дымагы

Саясий аналитик Константин Эггерттин белгилешинче, "Сибирдин күчү-2” Путин үчүн абдан маанилүү:

"Ага Кытайга мунай менен газды көбүрөөк сатуу маанилүү. Тараптар баалар боюнча мунасага келе албай жатат. Себеби Си Цзиньпин, кытайлыктар бардыгын мүмкүн болушунча арзан алгысы келет.Путин, албетте, бааны көтөрүүгө аракеттенүүдө, анткени ага акча керек. Анын үстүнө бийликтеги бюрократтардын же, башкача айтканда, анын режимин колдогон бюрократиянын алдында чабалдыгын көрсөткүсү келбейт".

Кытай таануучу Алексей Чигадаевдин пикиринде, Бээжин долбоорду баштоо үчүн өзүнө ыңгайлуу учурду күтүп жатат:

“Кытай Орусиянын экономикалык абалы качан начарлайт деп күтөт. Ошондо газдын баасы, ташуунун, курулуштун шарттарын соодалашса болот. Бул кардарлардын кадыресе логикасы. Сиз базарда соода кылганда сатуучунун башка аргасы калбаганын күтөсүз. Балким бул моралдык жактан анча жакшы эмес, бирок абалы начарлагандан кийин барып соодалашсаңыз ал сиз үчүн ыңгайлуу шартка көнөт”.

Дүйнөнүн чордонуна айланган Кытай

Путин ушуну менен Кытайга 25-жолу барды. Быйыл эки өлкөнүн Стратегиялык координациялык өнөктөштүк келишиминин 30 жылдыгы белгиленүүдө.

Байкоочулардын пикиринде, бир нече күн мурун Бээжинде Си Цзиньпин менен АКШнын президенти Дональд Трамптын саммити өткөнү, анын артынан Путиндин келиши Кытайдын глобалдык коопсуздук чөйрөсүндө ролу артып жатканын көрсөтүүдө.

“Бул визиттин мөөнөтү Бээжин үчүн абдан ыңгайлуу болуп калды. Кытай эң маанилүү геосаясий кездешүүлөр өткөрүлгөн дүйнөнүн борборундай көрүнөт”, - деп айтты Берлиндеги Борбор Азия Карнеги борборунун изилдөөчүсү Темур Умаров “Азаттык” радиосуна.

Дагы караңыз

Жеңиш парады: Бээжин Москвага ачык колдоосун билдирдиби?

Дагы бир эксперттер саммит Батыш менен пикир келишпестиктери көбөйгөн Кытай менен Орусиянын саясий жакындашуусу тереңдегендей таасир калтырууну көздөгөнүн белгилешет. Ошол эле маалда Орусия Украинага кол салган 2022-жылдан бери ортодогу алака мурдагыдай тең салмактуу болбой калды.

Кытай Орусиянын эң ири соода өнөктөшү жана орус мунай экспортунун дээрлик жарымын алып турат. Кытайлык фирмалар, өз кезегинде, орус кардарларын товар, өнөр жай жабдуулары жана кош максаттагы технологиялар менен камсыздап турат. Батыш ошол продукция Москванын согуш машинасына жардам бергенин сындап жүрөт. Ал эми Бээжин муну четке кагып, кош максаттагы товарларды катуу көзөмөлдөгөнүн айтууда.