Польшада үч жаран Орусияга тыңчылык кылууга шектелип кармалды

Польшадагы полиция. Иллюстрация

Польшада Орусиянын пайдасына тыңчылык кылган деген шек менен жергиликтүү үч жаран кармалды. 12-майда болгон окуя тууралуу шаршембиде өлкөнүн Ички коопсуздук агенттиги маалымдады.

Мекеме кабарлагандай, кармалгандар чет мамлекеттин атайын кызматынын кызыкчылыгы үчүн аракеттенип, аларга маалымат берип турчу. Алар ошондой эле пропагандалык, жалган материалдарды чыгарып, тараткан, саботажга даярданган, Орусиянын Украинага каршы агрессиясын колдогон символдорду жайылткан, согушту калың эл арасында даңазалаган деп шектелүүдө.

Топтун мүчөлөрү диверсияларды ишке ашырууга, курал колдонууга жана согуштук аракеттерди жүргүзүүгө машыктырылган. Билдирүүдө белгиленгендей, кармалгандар Орусиянын Федералдык коопсуздук кызматы (ФСБ) менен байланыштагы орусиялык жарандын тапшырмасы менен иш алып барганы аныкталды. Шектүүлөр НАТОнун Польшадагы бөлүктөрү жайгашкан жайлар тууралуу чалгын маалыматты чогултуп турган. Ошол “куратордун” аты аталган жок.

Москва Варшаванын дооматына байланыштуу комментарий бере элек.

Польшанын атайын кызматынын министри Томаш Семоняк кармалгандар 48-62 жаштагы жарандар деп тактады. Алар үч айга камалды.

Дагы караңыз

Достук бар, газ кууру дале жок. Путин Бээжинден куру жалак кайтабы? Путин менен Си газ кууру боюнча макулдашкан жок"Тарыхты бурмалоо мүмкүн эмес". Оторчулук термининен чыккан талкуу