Кыргызстандын АКШдагы элчиси, президенттин эл аралык демилгелер боюнча атайын өкүлү Эдил Байсалов Газа тилкесиндеги куралдуу жаңжалдын кесепетине тынчсыздануу билдирди. Бул тууралуу ал Бириккен Улуттар Уюмунун Коопсуздук кеңешинде өткөн жаңжал учурунда жайкын тургундарды коргоо боюнча талкууда сүйлөп жатып айтты.
Байсалов Кыргызстан Газадагы он миңдеген адамдар, анын ичинде аялдар менен балдар каза таап жатканына бушайман экенин, аймактын жашоочулары тарткан азапка "нес болуп, ишене албай жатканын" белгилеген.
Элчи Жакынкы Чыгыштагы жаңжалда көп сандаган журналист каза болгонун да кошумчалаган.
Байсалов расмий Бишкек жаңжалдын бардык тараптарына эл аралык укуктун нормаларын аткарууга чакырарын билдирген.
Израил 2023-жылдын октябрында Газа тараптан ХАМАСтын (АКШда жана Европа Биримдигинде террордук деп жарыяланган) кандуу кол салуусуна кабылганын жарыялап, ага каршы согуш баштаган. Ал кандуу күнү ХАМАС радикал тобунун согушкерлери Израилди аткылаганда 1200 киши каза тапкан, 250 киши барымтага алынган. Ошондон кийин Газа тилкесинде башталган согушта 70 миңден көп палестиналыктын өмүрүн кыйылды.
2025-жылдын октябрь айында Израил жана ХАМАС АКШнын президенти Дональд Трамптын администрациясы иштеп чыккан тынчтык планынын алкагында атышууну токтотууга макул болушкан. АКШ, Түркия, Катар жана Египет Израил менен ХАМАСтын ортосундагы келишимдин кепилдиги катары чыгышкан. Быйыл январдын ортосунда Ак үй Трамптын Газа тилкеси боюнча планынын экинчи этабы башталганын жарыялаган.