Орусияда бир нече дин кызматкери кармалганы кабарланды

Орусия. Иллюстрация сүрөт.

Орусияда Мусулмандар диний башкармалыгынын кеминде эки өкүлү кармалганы маалымдалды. Карелиянын мурдагы муфтийи Висам Али Бардвил камакка алынганын ТАСС билдирди, ал эми Мордовиянын муфтийи Раил Асаинов кармалганын жергиликтүү дин башкармалыгы кабарлады.

Буга чейин бийликчил Телеграм каналдар Москва, Санкт-Петербург, Саратов шаарларында жана Мордовияда мусулман диниятчылар жапырт кармалып жатканын жазышкан. Мунун баары Орусияда террордук деп жарыяланган "Мусулман агайындар" уюмунун ишмердүүлүгүнө байланыштуу болушу мүмкүн деп айтылууда.

ТАССтын маалыматы боюнча, Бардвил Шереметьево аэропортундагы окуядан кийин "полицияга баш ийген жок" деген негизде 15 суткага камалды. Агенттик ал документин көрсөтүүдөн баш тартып, кармоо учурунда каршылык көрсөткөнүн билдирди.

Ал эми Асаинов Мордовия мамлекеттик университетинин магистратура программасынын жетекчисине пара берген деген шек менен кармалганын республиканын муфтийинин орун басары маалымдады. Тергөө версиясы боюнча, сөз студенттерге сессиясын тапшырууга жардам берүү аракети жөнүндө болгон.

Ошондой эле Санкт-Петербургда "Түндүк-Батыш мусулмандарынын жамаатынын" төрагасы Мохаммед Хенни жана Саратов облусунун муфтийинин кеңешчиси Эл Хих Нидал Авадалла Ахмед кармалганы тууралуу маалыматтар чыгууда.

Кармалгандардын баарынын Орусиянын Равил Гайнутдин жетектеген Мусулмандар диний башкармалыгы менен байланышы бар экенин "Свобода" жазды. Соңку жылдары уюм менен Орусия бийлиги ортосунда чыңалуу жаралган жана буга, маалыматта белгиленгендей, муфтияттын көп аял алуу тууралуу фатвасы жана айрым ислам материалдарын экстремисттик деп таануу маселеси себеп болгон.

Дагы караңыз

"Күйөө балам төрт жыл кордоптур". Таласта зордукталган кыздын жакындары бийликке кайрылдыБишкектин мэри электр чыгырыктары тартипке келтирилбесе тыюу салынарын айтты"Алдамчылык" беренеси менен козголгон иш: Президенттин мурдагы кеңешчиси камалдыТөрт айда экзаменден өткөндөргө жарым жылга убактылуу айдоочулук күбөлүк берилет