Трамп Польшага 5 миң америкалык аскер кызматкери жөнөтүлөрүн айтты

Карол Навроцкий жана Дональд Трамп. Архив сүрөт.

Америка Кошмо Штаттары Польшага 5 миң аскер кызматкерин жөнөтөт. Бул тууралуу АКШ президенти Дональд Трамп өзүнүн Truth социалдык түйүнүнө жазды.

Анын айтымында, чечим Польшада президенттик шайлоодо өзү колдоп келген Карол Навроцкий жеңгенине жана аны менен жакшы мамилесине байланыштуу кабыл алынды.

Польшада президенттик шайлоо бир жыл мурун өткөн. Навроцкийди азыр оппозицияда турган оңчул-консервативдик "Мыйзам жана адилеттик" партиясы колдогон. Президент менен премьер-министр Дональд Тусктун өкмөтүнүн ортосунда чыңалган мамиле өкүм сүрүүдө.

Сөз Польшада жайгашкан 10 миңге жакын америкалык аскер кызматкерине кошумча 5 миң аскер жөнөтүү жөнүндө болуп жатабы же ротация тууралуубу, азырынча белгисиз.

Буга чейин АКШ Польшадагы аскерлеринин 4 миңге жакынын ротациялоо мөөнөтүн башка убакка калтырганы тууралуу маалымат жана Германиядан 5 миң аскери чыгарылганы Европадагы америкалык контингент дагы кыскарат деген кооптонуу жараткан.

АКШнын вице-президенти Жей Ди Вэнс Польшадагы контингентти кыскартуу жөнүндө сөз жок экенин айткан. Ошол эле учурда ал Кошмо Штаттар Европа өлкөлөрү өзүн коргоодо көбүрөөк көз карандысыз болушун каалай турганын белгилеген.

22-майда Швециянын Хельсингборг шаарында НАТОго мүчө өлкөлөрдүн коргоо министрлеринин кеңешмеси өтүүдө. НАТОнун башкы катчысы Марк Рютте Трамптын Польшага 5 миң аскер жөнөтүү чечимин кубаттап, ошол эле учурда Европа өлкөлөрүнүн коргонуу жаатында АКШдан азыраак көз каранды болуу тенденциясы улана берерин белгиледи.

Дагы караңыз

УКМК Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы кармалганын билдирдиОрусияда бир нече дин кызматкери кармалганы кабарланды"Күйөө балам төрт жыл кордоптур". Таласта зордукталган кыздын жакындары бийликке кайрылдыБишкектин мэри электр чыгырыктары тартипке келтирилбесе тыюу салынарын айтты