Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы (К.А.М.) бейтаптардан акча алып турган деген шек менен кармалганын билдирди.
Атайын кызматтын маалыматына караганда, төрөт үйүнүн кызматкерлери бейтаптардын көйгөйлөрүн жана муктаждыктарын чечип берүүдө системалуу түрдө каражат алган фактылары аныкталды.
20-майда козголгон кылмыш ишинин алкагында Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси кармалды. Ыкчам-иликтөө иш-чараларында акчалай сый акысын алуу боюнча көптөгөн фактылар (эпизоддор) белгилүү болгон.
Ош шаардык төрөт үйүнүн жетекчиси УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө иштери уланууда.
Шектүүнүн жакындары менен адвокаты комментарий бере элек. (BTo)
Шерине