Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

Өкмөт күйүүчү майдын баасын кармап туруу үчүн субсидия маселесин карап жатат

Күйүүчү майдын баасы талкууланган кеңешме.
Күйүүчү майдын баасы талкууланган кеңешме.

Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев ички рынокту күйүүчү-майлоочу май менен камсыздоо боюнча кеңешме өткөрдү. “Ынтымак ордо” билдиргендей, ага бензин, солярканы жеткирүү жана сатуу менен алектенген чоң компания-нефтетрейдерлердин жетекчилери катышты.

Кеңешмеде Адылбек Касымалиев мунай зат баасы Жакынкы Чыгыштагы геосаясий кырдаалга байланыштуу кымбаттап жатканын айтып, Кыргызстанда баанын дароо көтөрүлүп кетишине жол бербөө үчүн чаралар көрүлүп жатканын айтты.

“Күйүүчү май компанияларынын өкүлдөрү менен болгон кеңешмеде дүйнөлүк рыноктордо туруксуздук улана берген учурда колдонула турган кошумча каржылык жана салыктык инструменттер дыкат иштелип чыкты. Атап айтканда, Министрлер кабинети мамлекеттик түз субсидиялоо маселесин караштырууда”, - деп айтылат өкмөт тараткан маалыматта.

Монополияга каршы жөнгө салуу кызматына мунай базаларында баалардын түзүлүшүнө жана анын көлөмүнө күн сайын мониторинг жүргүзүү, Энергетика министрлигине өкмөттөр аралык келишимдердин алкагында үзгүлтүксүз логистиканы камсыз кылуу жана резервдерди толуктоо тапшырмасы берилди.

Мунай ташуучулардын маалыматына караганда, күйүүчү майдын дүйнөлүк баасы акыркы убакта 25-30% кымбаттады.

Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Данияр Амангелдиев Кыргызстанда күйүүчү майдын баасы эки жумада бир жолу бир сомго кымбаттай турганын билдирди. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG