Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Москвада 33 жаштагы кыргызстандык келиндин өлүмүнө шек саналып Кыргызстандын 31 жаштагы жараны кармалганын билдирди.
Мекеменин маалыматына караганда, бул окуя боюнча Орусиянын Кылмыш-жаза кодексинин “Киши өлтүрүү” беренеси менен иш козголгон. Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги маркум келиндин жакындары менен байланыш түзүп, сөөгүн мекенине жеткирүү маселесин караштырып жатат.
20-майда mk.ru сайты (“МК”) 33 жаштагы кыргызстандык аялды туугандары бир жумадан ашуун убактан бери издеп жатышканын жазган. Акыркы жолу ал 8-майда “Марьино” метросунан чыгып, өзү жашаган үйдүн подъездине киргени көчөдөгү камерага түшүп калган. Андан кийин аны эч ким көргөн эмес.
Маркумдун сөөгү желим баштыкка оролуп, скотч менен чапталып, дивандын түбүнө катылган абалында 19-майда табылган.
“МК” укук коргоо органдарына шилтеме кылып билдиргендей, баштапкы маалыматтар боюнча 33 жаштагы Айгерим жердештери менен чогуу эки бөлмөлүү батирде жашап жаткан. Маркум Москвадагы ооруканалардын бирин жыйнап иштечү. (BTo)
Шерине