Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 03:23

"Лукойл" ишканасынын ири заводунда өндүрүш эки эсе азайды

Иллюстрация сүрөт.
Иллюстрация сүрөт.

Орусияда мунайды кайра иштетүүчү алдыңкы беш заводдун бири - Нижний Новгород облусунун Кстово шаарында жайгашкан "Лукойл-Нижегороднефтеоргсинтез" (НОРСИ) 20-майда дрон соккусуна кабылып, ишинин жарымынан көбү токтотулду. Бул тууралуу 21-майда Reuters маалымат агенттиги тармактагы булактарына таянып билдирди.

Компания өзү азырынча бул тууралуу комментарий бере элек.

Агенттиктин маалыматына караганда, согуштук дрондордун соккусунан кийин баштапкы өндүрүштү камсыздоочу АВТ-6 комплекси токтоду, ал жерде заводдун жалпы кубаттуулугунун 53% камсыздалчу, бул суткасына 25,7 миң тонналык мунайга барабар көлөм.

НОРСИ - Орусиянын бензин өндүрүүчү ишканалары арасында чоңдугу жагынан төртүнчү, ал эми өндүргөн продукция көлөмү жагынан экинчи ири завод. Ал жерде буга чейин жылына 16 миллион тонна (күнүнө 320 миң баррел) мунай кайра иштетилчү.

Аталган ишкана буга чейин 5-апрелде да дрон соккусуна кабылган жана айрым жабдыктары иштебей калганы кабарланган.

Дрон чабуулдары үчүн Орусия Украинаны айыптайт. Орусия коңшусу Украинага каршы толук масштабдуу согуш ачып, анын аймагын күн сайын дрон жана ракета менен аткылап келатканына бешинчи жыл болуп баратат. Соңку жылдары Орусиянын өзүнүн аймагы да бутага көп алынууда. Украина Орусиядагы чабуулдарга адатта комментарий бербейт, болгону, Москванын согуш машинасын токтотуу үчүн анын мунай жана аскердик продукция чыгаруучу ишканаларын жарактан чыгаруу керек деп эсептей турганын айтып калат. (RK)


Шерине

XS
SM
MD
LG