Чүй облустук ички иштер башкы башкармалыгы Кант шаарында болгон жол кырсыгынан бир адам каза болгонун билдирди.
Облустук милициянын маалыматында 21-майда саат 23:53 чамасында Ысык-Ата райондук ички иштер бөлүмүнө Бишкек–Нарын–Торугарт автожолунун Кант шаарындагы тилкесинде жол кырсыгы болгону тууралуу маалымат түшкөн.
Тергөө тобу окуя болгон жерге барып саат 22:45 чамасында Mercedes-Benz S-Class үлгүсүндөгү машиненин 29 жаштагы айдоочусу түндүктөн түштүктү көздөй бара жатып рулга ээ боло албай, Күрөңкөев жана Ленин көчөлөрүнүн кесилишиндеги жол чырактан түз өтүп кетип, Ленин көчөсүндө жайгашкан тиш дарылоочу жайды сүзгөнүн тактаган.
Жол кырсыгынын кесепетинен автоунаанын айдоочусу (А.А.), жүргүнчүлөрү (1998-жылы туулган Н.А. жана 2004-жылы туулган А.К.) ар кандай жаракат алып Кант шаардык аймактык ооруканасына жеткирилген. Дагы бир жабыркаган адам (1998-жылы туулган К.Ф.) кырсык болгон жерде каза тапкан.
Ушул тапта бардык зарыл экспертизалар дайындалып, текшерүү иштери улантылууда.
Кыргызстанда акыркы жылдары жол кырсыктары көп катталууда. 14-майда эле Кашка-Суу айылы тараптан Бишкек шаарын көздөй келе жаткан Honda Torneo үлгүсүндөгү машине жол четинде турган 28 жаштагы келинди жанындагы 6, 4, 2 жаштагы балдары жана 14 жаштагы сиңдиси менен кошо сүзүп кетип, бешөө тең каза тапкан. Келиндин алты айлык боюнда болгон. Кырсыкка шектүү 22 жаштагы айдоочу камакка алынган.
21-майда Mercedes-Benz Actros үлгүсүндөгү жүк ташуучу автоунаа Бишкектин Фрунзе көчөсүндө күн чыгыш тарапка бара жатып жети машинени сүзгөн.
Расмий маалымат боюнча, 2025-жылы Кыргызстанда 8 456 жол кырсыгы болуп, андан 900 киши каза тапкан. Дагы 12 миң 169 адам ар кандай жаракат алган. Кырсыктарга автоунааны катуу айдоо, каршы тилкеге чыгуу, ичимдик ичип рулга отуруу жана айрым автожолдордун талапка жооп бербегени негизги себеп экени айтылып келет. (BTo)
Шерине