“Кыргызгеология” ишканасына лицензия үч жыл мурун берилген, учурда долбоорлоо иштери аяктап калганы белгилүү болду.
Өлкөдөгү темирдин көлөмү эң көп деп аталган Жетим-Тоо кенин иштетүүгө инвестор изделип жатканы тууралуу 18-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында сөз болду. Башында чалгындоо үчүн “Кыргызгеология” мамлекеттик мекемеси лицензия алган.
Аталган мекеменин жетекчисинин орун басары, башкы геологу Рыскул Тынчыбек уулу учурда Жетим-Тоону долбоорлоодон кийинки этап - чалгындоо иштери жүтө электигин билдирди:
Рыскул Тынчыбек уулу.
“Азыркы учурда чалгындоо иштери жүрө элек. Эки экспертизасы бүтүп, экологиялык экспертизасы калды. Бул корутунду көп убакытты талап кылгандыктан ошону күтүп жатабыз. Жердин да көлөмү көп болгондуктан аныктоо, тактоо иштери көпкө созулуп жатат”.
Буга чейин аталган кенде чалгындоо иштери башталганы тууралуу сөз болгон. Бул кен алты бөлүктөн турат.
Алар Данги, Туюк-Суу, Айран-Суу, Молдобашы, Телеке жана Күрмөнтү деп аталат. “Кыргызгеология” ишканасы инвестор издеп жатканын билдирип, акча салуучулар кайсы өлкөдөн экени маанилүү эместигин белгиледи.
“Бизге келген өнөктөштүн кайсы жактан экени айырмасы жок. Өкмөт каражат бөлөт, бирок ошол деле аз болуп калат. Ошондуктан инвесторлорго сунуштап, иш алып баралы деген ой болуп жатат. Бизге Кыргызстандагы ишкерлер биригип туруп колдоп иш жасаса да болот эле. Эгер андай болсо биздин каражат кайра өзүбүзгө калып, жакшы болмок. Мисалы, “Макмалды” өзүбүз иштетип, алтындын баары Кыргызстанда калды", - деп кошумчалады Рыскул Тынчыбек уулу.
Ал Жетим-Тоо кенин чалгындоонун өзүнө 3 млрд сомдон ашык каражат сарпталарын айтты.
- Ошентип, Жетим-Тоо темир кенин иштетүүгө инвестор изделип жатканы белгилүү болду. Геологдордун эсебинде, Жетим-Тоо кенинде болжол менен 5 миллиард тоннага чейинки руданын запасы бар. Мындан тышкары алтын жана башка металлдардын аралашмалары бар экени айтылган.
2022-жылы президент Садыр Жапаров Фейсбук баракчасы аркылуу кайрылуу жолдоп, анда Жетим-Тоо кенин мамлекет өзү иштете турганын айткан.
“Эгер Жетим-Тоону иштетип калсак, 100 пайыз өзүбүз иштетебиз. Бир пайыз эмес, бир муштум ташын эч кимге үлүш катары бербейбиз. Бирок бүгүн Жетим-Тоону иштетели деген даярдыгыбыз жок. Жөн гана геология иштерин жүргүзүп, запасын тактап койгула деген буйрук берилген. Союз мезгилинде болжол менен изилденген запасы бар экен. Бирок корунун так көлөмү жок болгондуктан, тактап коёлу деп, “Кыргызгеологиянын” кызматкерлери иш жүргүзүп жатышат. Тактап койсок, биз иштетпесек, келечек муун иштетет. Анан эле өздөрүн “баатыр” көрсөткүсү келип, “Жетим-Тоону экинчи Кумтөр кылбайбыз” деп кыйкырып чыгышкандарын кантейин деле. Эч нерсе боло электе эле билип-билбей, “Жетим-Тоону берип атышат” деп калп айтып, элдин башын айлантканды токтоткула”.
Тоо-кен тармагы боюнча эксперт Дүйшөн Камчыбеков кенде чалгын иштерин бүткөрүү маанилүү экенин билдирүүдө.
Дүйшөн Камчыбеков
“Тоо-кен тармагындагы долбоорлор каражатты көп талап кылат. Чоң көлөмдөгү руда сакталган кенди иштетүү үчүн транспорт маселесин чечүү керек. Жүк ташыган унаалар менен ташый албайбыз, ташыган күндө да талапка ылайык жолдор керек болот. Мына, Кара-Кечеде көмүр ташып келүүдө эле жолдор талкаланып, экологиялык маселелер жаралып жатпайбы. Эгер темир жол болгон болсо, анда бул кенди иштетүүгө түздөн-түз мүмкүнчүлүк болмок. Эгер биз өзүбүз иштетели деген болсок, анда тиешелүү каражатты таап, чакан комбинат тургузуп алып, иштете берсек болот. Ал жерде Күрмөнтү деген участогунда темир көп деп айтылат. Ошону ишке киргизип, андан түшкөн каражатты башка жактарына жумшап иштетсек болот”.
Жетим-Тоо кени алгачкы жолу 1956-жылы Советтер Союзу учурунда ачылган. Союз тарагандан кийин бул кенди чалгындоо, казуу тууралуу маселе токтоп калган.
Эгемендик жылдарында өз алдынча чалгындоо иштери 2005-жылдары башталып, бийлик алмашкандан кийин бул иштер токтоп калган. Кенди казуу маселеси 2020-жылдан кийин кайра көтөрүлүп, демилге айрым нааразы пикирлерди күчөткөн.
Жетим-Тоо аймагы
Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Самаков Жетим-Тоо кенинин учурдагы абалы тууралуу жагдайды комитеттин отурумунда сурады. Ал "Азаттыкка" Жетим-Тоого байланыштуу пикирин мындай деп билдирди:
Кубанычбек Самаков
“Кыргызстанда Кумтөрдөн кийин көлөмү эң чоң кен байлык Жетим-Тоодо. Бул жерде 20-30 млрд долларга тете көлөм бар. Бир тарабынан караганда, бул мамлекет үчүн керек. Ошол эле учурда экологиянын толук сакталышын, жарандардын пикирин эске алуу шарты менен иштетсе болот. Бул кенди Кумтөрдөй кылбай, толугу менен мамлекет иштетип, элдин, мамлекеттин колунда турганы туура болот эгер бийлик иштетүүнү кааласа. Мамлекеттин учурда казуу тууралуу иш пландары жок. Жакын арада ал жер казылбайт болуш керек. Ошончо чоң көлөмдүү жерди аныктап, тактоо үчүн көп убакыт керек болот”.
Жетим-Тоо кенинин негизги бөлүгү Нарын облусуна караган аймакта жайгашкан. Кендин чектеш аймагы Ысык-Көл облусунун Тоң районунун тоо кыркаларына чейин жетет.
Кен жайгашкан аймак 70 чакырымдай узундукта жана 10 чакырымдай кеңдикти ээлеп, тоо кыркаларында жайгашкан.
Жогорку Кеңештин депутаты Махабат Мавлянова темир кенин мамлекет өзү иштетсин деген талабын айтты.
Махабат Мавлянова
“Эгерде казыла турган болсо, анда кыргыз компаниясы болгону жакшы. Эгер сырттан инвесторлор келген болсо, акча каражаттарынын баары сырт жакка чыгып кетет. Учурунда Кумтөр деле элге жакшы пайдасын бербегендиктен өзүбүзгө алгандан кийин пайдасы бир топ эле тийип жатат. Убакыт өткөндөн кийин өкүнүп, ошол учурда туура эмес чечим кабыл алынган экен деп ойлоп калбаш үчүн муну инвесторлорго берген туура эмес деп ойлойм. Мүмкүн, бир аз убакыт күтүп турсак, мамлекеттин каржылык мүмкүнчүлүгү мындан да көтөрүлүп, өзү иштетип калат. Жерди кайра калыбына келтирүү, экологиялык жактарын да эске алышыбыз керек. Кандайдыр бир уу заттар калып калган болсо, анда бизге түшкөн салыктан да көбүрөөк зыян келип калышы мүмкүн”.
Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлиги 2023-2025-жылдар аралыгында мамлекеттик ишканаларга 105 лицензия берилгенин быйыл февраль айында билдирген. Мекеме лицензиялык талаптарды бузганы үчүн 320 лицензия жокко чыгарылганын, 2014 лицензия күчүндө экенин кошумчалаган. Мекеменин маалыматына караганда, акыркы беш жылда бул тармактан бюджетке 217,9 млрд сомдон ашык каражат түшүп, 3,5 эсе өсүш болгон. Соңку беш жыл ичинде 141 тонна алтын өндүрүлдү.
Кумтөр кенинен 2021-жылдан бери 100,6 млрд сом салык жана милдеттүү төлөмдөр түшкөн. 2025-жылы таза пайдасы 706 млн доллар болду. Бул кенден соңку беш жылда 70 тонна алтын өндүрүлдү.