22-майда Тегеранда Ирандын тышкы иштер министри Аббас Аракчи менен Пакистандын башкы дипломаты Мохсин Накви кездешти. Ислам жумуриятынын медиасы кабарлагандай, алар АКШ менен Израилдин Иранга каршы согушун токтотуу жолдорун талкуулашты.
Мындан эки күн мурун Накви Вашингтонго Тегерандын сунуштарын өткөрүп берген. Исламабад тараптардын сүйлөшүүлөрүнө арачы болуп келатат.
Ирандын жарым-жартылай расмий ISNA агенттиги жазгандай, пакистандык министр жаңжалды токтотууга пайдубал болуп берчү байланыштарды түзүү менен алектенүүдө.
21-майда АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио сүйлөшүүлөрдө “бир аз” алга жылуу байкалганын, бирок Иран Ормуз кысыгында төлөм системасын киргизсе эч кандай келишим болбой турганын билдирген.
Ислам жумуриятынын жогорку расмий өкүлү Рейтер агенттигине маалымдагандаай, тараптардын пикир келишпестиктери азайды, бирок негизги маселелер боюнча мунаса жетишиле элек.
Тегерандын өзөктүк программасы жана Ормуз кысыгын ачуу маселелери өзгөчө талаш жаратууда.
Согушка чейин дүйнөлүк базардагы мунай менен газдын 20 пайыздайы ташылган кысыктын жабылышы рыноктогу олку-солкуга, кара майдын баасынын өсүшүнө, инфляция коркунучуна алып келди.