Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

Кыргызстан чет элдик жумушчулар үчүн квотаны 100 миңге чыгарды

Бишкектин тигүү цехтеринин биринде иштеген Бангладештин жарандары. Архив.
Бишкектин тигүү цехтеринин биринде иштеген Бангладештин жарандары. Архив.

Өкмөт 2026-жылы Кыргызстанга сырттан келип иштей турган эмгек мигранттары үчүн квотаны 52 миңден 100 миңге чейин көбөйттү. Тиешелүү тескемеге Министрлер кабинетинин төрагасы Адылбек Касымалиев 30-апрелде кол койгон.

Расмий маалыматка ылайык, 2025-жылы чет өлкөлүк жумушчуларга 25 миң орун бөлүнгөн, бирок кийинчерээк 42 миңге чыгарылган.

Кыргызстандан эмгек квотасын сураган өлкөлөрдүн башында Кытай, Индия, Түркия, Пакистан жана башка мамлекеттер турат.

Эмгек квоталарды бөлүштүрүү 2025-жылдан тартып Тышкы иштер министрлигинин (ТИМ) карамагына өткөрүлүп берилген. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG