Украин президенти Владимир Зеленский жумага караган түнү аскерлер Орусиянын "Ярославл мунай иштетүүчү заводунун багытында иш алып барганын" Телеграм каналына жазды.
Облус губернатору Михаил Евраев аймакты көздөй учуп келаткан украиналык пилотсуз учактар атып түшүрүлгөнүн, эч ким жабыркабаганын билдирди.
Astra басылмасы бутага «Славнефть-ЯНОС» мунай иштетүүчү ишканасы алынган болушу мүмкүн деп маалымдады. Ал завод буга чейин да соккуларга туш болуп келген. 8-майдагы чабуулдан кийин ал жакта өрт тутанган.
Оккупацияланган Луганск облусундагы Старобельскиде коллеждин имаратына жана жатаканасына коюлган чабуулдан төрт киши каза тапканын Орусиянын акыйкатчысы Яна Лантратова билдирди. Анын айтымында, сокку учурунда ал жерде 86 өспүрүм окуучу бар болчу, 35и жаракат алды.
Украин бийлиги азырынча ал окуяны комментарийлеген жок.
22-майга оогон түнү Орусия 124 дрон менен аткылаганы Украинанын Абадан коргонуу күчтөрү тараткан маалыматта айтылды. Баштапкы кабарга караганда, 115 пилотсуз учак атып түшүрүлдү.
Сумы облусунда бир суткада 35 айыл-кыштак бутага алынып, 11 киши, арасында бир өспүрүм жабыркаганын украин улуттук полициясы билдирди.
Днепропетровск облусунун жетекчилиги бейшембинин кечинде кабарлагандай, орус аскерлеринин соккуларынан жарадар болгондордун саны 19 кишиге жетти.
Шерине