Агартуу министрлиги мугалимдерди мектептин оңдоп-түзөө иштерине, өзгөчө жайкы эс алуу мезгилинде, тартууга тыюу салынганын эскертти.
Министрлик 2025–2026-окуу жылында республикалык бюджеттен мектептерди утурумдук оңдоо иштерине 404 млн сом каралганын, мугалимдердин негизги милдети окуучуларга сапаттуу билим берүү жана окуу-тарбия процессин уюштуруу экенин билдирди.
Агартуу министрлиги ошондой эле жергиликтүү бийлик өкүлдөрүнө мугалимдерди көчө тазалоо, айлана-чөйрөнү иретке келтирүү, короо шыпыруу жана башка чарбалык иштерге тартууга жол берилбей турганын кошумчалап, мындай аракеттер мыйзамга каршы келерин кабарлады.
Кыргызстанда адатта жайкы эс алууга кетер алдында мугалимдер мектепти оңдоп-түзүү иштерине тартылат. (BTo)
Шерине