Улуттук банктын сайтында инфляциянын деңгээли 11,4% экени көрсөтүлүп турат. Көрсөткүч ай сайын улам көтөрүлүп барат – мартта 11% болсо, жыл башында 9,4% болчу.
Апрель айындагы расмий маалыматка ылайык, азык-түлүк 10,8%, андан башка товарлардын баасы 9,2%, тамеки жана алкоголдук продукция 8,9% жогорулаган. Кызмат көрсөтүү чөйрөсүндө баалардын өсүшү мындан да көп болуп – 17,2% түздү.
Мекеме соңку жарыялаган маалыматында өлкөдөгү инфляцияга негизги таасир тышкы шарттардан болуп жатканын билдирген.
“Дүйнөдөгү геосаясий чыңалуу жана жогорку глобалдык белгисиздик дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторунда баалардын өсүшүн шарттаган. Атап айтканда, акыркы эки айда Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын курчушу алкагында дан эгиндерине, өсүмдүк майларга жана энергия продукцияларга дүйнөлүк баанын өсүшү байкалууда. Кыргыз Республикасынын соода боюнча негизги өнөктөш өлкөлөрүндөгү инфляция кошумча фактор болуп саналат, бул импорттолуучу товарлардын наркына таасирин тийгизет. Импорттук продукциянын кымбатташы, ошондой эле глобалдык сунуштоо процесстеринин өзгөрүшүнөн улам келип чыккан логистикалык чыгымдар ички бааларга басым жасайт”.
Улуттук банк эмгек акылар менен акча которуулардын өсүшүнөн улам калктын керектөө активдүүлүгү ички суроо-талапты көбөйтүп жатканын белгилейт. Мекеменин божомолу боюнча, өлкөдөгү инфляциянын мындан аркы динамикасы көбүнчө тышкы шарттар, айрыкча дүйнөлүк азык-түлүк жана чийки зат рынокторундагы баа конъюнктурасы менен аныкталат. Бул өңүттө Жакынкы Чыгыштагы кырдаалдын мүнөзү жана узактыгы өзгөчө мааниге ээ болот.
Айткандай эле, Украинадагы, Жакынкы Чыгыштагы чыр-чатактар, андан улам жаралган соода жана логистикалык татаалдыктар, ага кошул-ташыл болгон мунай тартыштыгы экономиканын бардык тармактарына кымбаттоолорду жайылтып жатат.
Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Данияр Амангелдиев “Кабар” маалымат агенттигине курган маегинде калктын реалдуу кирешелерин өстүрүү учурдун маанилүү маселеси болуп жатканын билдирген.
Данияр Амангелдиев
“Мисалы, күйүүчү-майлоочу майлардын баасынын өсүшү тейлөө чөйрөсүнөн баштап бардык тармактарды өзү менен кошо артка тартат, бул кошумча наркка да таасирин тийгизет. Андан тышкары, дүйнөлүк тамак-аш бааларынын кымбатташы да өз таасирин тийгизүүдө. Бирок, ушул көрсөткүчтөрдү байкоо менен биз дагы алдын ала чараларды көрүп жатабыз. Алардын эң башкысы айлык-маяналарын көтөрүп, андан тышкары олку-солку бааларды турукташтыруу маселеси да каралууда. Бизде бул маселелер кошумча нарк салыгын жөнгө салуу же субсидиялоо алкагында каралып турат”.
Амангелдиев айткандай, инфляциялык басымга каршы туруу үчүн кыргыз өкмөтү апрелдин башынан тарта мугалим, дарыгер өңдүү социалдык тармактагы кызматкерлердин эмгек акысын эки эсеге чейин көтөргөнүн жарыялады. Арийне, ага болбой эле, мындай көтөрүүлөр базардагы улам арыш керип бараткан кымбатчылыкка шайы жетпей турган чак.
Улуттук статистика комитетинин расмий эсептөөлөрү боюнча, жыл башынан бери эт менен жумуртканын баасы дээрлик 12% өстү. Ал эми бейформал көрсөткүчтөр андан бир кыйла жогору болуп чыгат. Мунайдын баасы беш айда 4 пайыздан 14 пайызга чейин көтөрүлдү. Өкмөт кымбаттоолор алдыда дагы уланарын эскертүүдө.
Финансылык талдоочу Кубан Чороев инфляциянын өсүшүнө жол ачкан ички жагдайлар да бар экенин белгилейт. Ал улуттук валютаны атайылап туруктуу кармоо саясаты да өлкөдөгү инфляциянын күчөшүнө таасир берерин айтат.
Муну менен катар сырттан келип жаткан акча которуулар менен көтөрүлгөн эмгек акылар товар менен кызматтарга суроо-талапты кеңейтерин эске салат. Андыктан, ички өндүрүштү масштабдуу колдоого алган акча саясатын жолго салууну сунуштайт:
Кубан Чороев
“Анан, албетте, бюджеттен айлык акылардын бардыгын көбөйтүп атат. Бирок, бул көбөйткөнү экономикада суроо-талапты жаратат да. Мисалы, ошол көбөйгөн айлыгына ал көбүрөөк эт, жумуртка жана башка товарларды ала баштаса, бирок ошол товарлардын өндүрүшүнүн темпи көбөйбөгөн болсо, албетте баалар көтөрүлөт. Ошол себептүү монетардык саясат жүргүзгөндө ушул жагын теңдеш керек. Биздин Улуттук банк өндүрүштү, айыл чарбаны колдоо саясатын активдүү жүргүзбөсө, албетте, экономикалык өсүш дагы өзүнүн артынан инфляцияны алып келе берет”.
Соңку маалыматтарга караганда, Кыргызстандын экономикасында акча массасынын көлөмү улам өсүп барат. Маселен, Улуттук банк 2025-жылы тапкан 60 млрд сомдон ашуун таза пайдасын мамлекеттик бюджетке которуп берген. Мурда бюджетке пайдасынын 70-90%ын бөлүшүп келген мекеме, 2023-жылдан тарта толугу менен берүүгө милдеттенген.
Эксперттер Улуттук банктын каражатын бюджетке алып коюу натуура чара экенин, экономикада акча массасынын ашкере көбөйүп кетиши да инфляциянын күчөшүнө таасир кыларын айтышат.
“Өлкөдө бакубаттуулук акчанын көптүгүнөн эмес, товарлар менен кызматтардын канчалык кеңири өндүрүлгөнүнөн жана алардын бааларынын жеткиликтүүлүгүнөн келет. Ушул себептүү, бизде акча массасы бир топ көбөйүүдө. Мисалы, өткөн айларда Эл аралык валюта кору дагы биздин Улуттук банктын кирешесин бюджетке которбоо боюнча сунуш берген. Анткени, киреше алгандай Улуттук банк ишкана эмес да. Бирок, бизде практика бар, Улуттук банк кирешесинин бир бөлүгүн өкмөткө берип коё берет. Бул деген жөн эле акчаны басып туруп, бюджетке берип койгон менен барабар. Ошондуктан, МВФтин сунушунун дагы негиздери бар”, - дейт Кубан Чороев.
Алтын баасынын кескин кымбатташынан улам, Кыргызстандын эл аралык корлорунун көлөмү соңку кездери 10 млрд долларга чукулдап турат. Кубан Чороев мындай процесс ар дайым эле сактала бербешин, андыктан аны экономиканын түзүмүн өзгөртүүгө жумшоо керектигин айтат.
“Экономика деген ар дайым цикл менен жүрөт. Бирок, мына ушундай мүмкүнчүлүк пайда болуп атканда, (биз керектөөчү экономиканы түзүп койгонбуз) ошону кайрадан өндүрүштү жандандыруучу экономикага өтүш үчүн Улуттук банк банк системасына атайын өндүрүштү, айыл чарбаны колдоочу узак мөөнөттөгү капиталдарды түзгөнгө шарттарды активдүүрөөк түзүш керек. Мен таптакыр эле жок деп айта албайм, аракеттер бар. Бирок, активдүү саясат жүрбөсө, инфляцияны элдин кирешелери кууп жете албай калат”.
Кыргызстандагы инфляциянын көрсөткүчү Борбор Азия чөлкөмү боюнча эң жогору болуп, такай өсүү жолунда баратканы менен айырмаланат.