Мамдума төрагасы Володин армян премьери Пашинянды "адепсиз" деп айыптады

Никол Пашинян жана Вячеслав Володин. 20-апрель 2022-жыл

Мамлекеттик Думанын төрагасы Вячеслав Володин Армениянын өкмөт башчысы Никол Пашинянды катуу сындап, "Орусияга каршы достукка жатпаган саясат жүргүзүүдө, биздин өлкө тартуулаган мүмкүнчүлүктөрдү эки жүздүүлүк менен пайдаланууда” деп айыптады.

Володин премьердин кылгандарын “карасанатайлык”, “адепсиздик” деп атады.

Жакында Армениянын парламенти Еврошаркетке кирүү жараянын баштоо мыйзамын кабыл алган жана Эл аралык кылмыш сотунун юрисдикциясын таанууну чечкен. Ал сот орус президенти Владимир Путинди камоо ордерин чыгарган.

Володин Арменияда болуп жаткан окуялар менен Украина ортосунда окшоштуктар бар деп, Пашинян "Орусияны талкалоону каалаган”, “өлкөгө кас тиккен мамлекеттер менен мамиле түзүүнү тандады” деп айтты.

Ереван бул сөздөргө реакциясын билдире элек.

Орус бийлиги акыркы кезде Армениянын жетекчилигин Европа биримдиги менен жакындашканы үчүн барган сайын көп сындап жүрөт.

Орусиянын президенти Владимир Путин жакында Москва армян элинин кызыкчылыгын ойлоп аракеттенерин, армениялыктар Еврошаркетке кирүү же Евразия Экономикалык биримдигинде (ЕАЭБ) калуу ортосундагы тандоосун референдум аркылуу аныкташы керек деп билдирген.

Ал тапта жума күнү Россельхознадзор Армениядан гүл ташууга чектөө киргизди.

Дагы караңыз

Кыргызстан чет элдик жумушчулар үчүн квотаны 100 миңге чыгардыДрон согушу: Киевдин жаңы тактикасы"Күйөө балам төрт жыл кордоптур". Таласта зордукталган кыздын жакындары бийликке кайрылды