АКШнын Мамлекеттик департаменти Украинага Hawk зениттик-ракеталык комплекстерин тейлеген жабдууларды сатууну жактырды. Анын жалпы суммасы 108,1 миллион долларды түзөт. Мекеменин сайтында айтылгандай, Киев ар кандай тетиктерди, оңдоп-түзөө иштерин жүргүзүүнү, инженердик-техникалык, логистикалык колдоону сураган.
"Бул - Европадагы саясий жана экономикалык стабилдүүлүктүн фактору болгон өнөктөш өлкөнүн коопсуздугун камсыздоо менен Кошмо Штаттардын тышкы саясатындагы жана улуттук коопсуздук тармагындагы максаттарга жетүүгө өбөлгө түзөт", - деп белгиледи Мамлекеттик департамент.
"Андан тышкары Украинага азыркы жана ыктымал коркунучтарга туруштук берүүгө жардам бермекчи", - деп кошумчалады америкалык тышкы саясий мекеме.
Үстүбүздөгү айдын башында Мамлекеттик департамент Украинага 373,6 миллион долларга Joint Direct Attack Munition (JDAM) комплекттерин жана тиешелүү жабдууларды сатууну колдогон. Анын алдында Пентагондун башчысы Пит Хегсет Украинага аскердик жардамдын алкагында быйыл жана эмки жылы 400 миллион доллардан берилерин айткан. Бирок кийин Ак үйдүн администрациясы 2027-жылдын бюджетине USAI программасынын алкагында Украинага аскердик жардамды каржылоону киргизбегени белгилүү болду.