Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:41

Рубио Иран боюнча сүйлөшүүлөрдө "бир аз прогресс" байкалганын билдирди

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио
АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио

АКШнын мамлекеттик катчысы Марко Рубио Ирандагы согушка чекит коюу максатындагы сүйлөшүүлөрдө “бир аз прогресс” байкалганын билдирди.

22-майда НАТОнун тышкы иштер министрлеринин Швециядагы жолугушуусу алдында ал Пакистандын арачылыгы менен жүрүп жаткан жараянда чектелген, бирок позитивдүү тенденция бар деп айтты.

Муну менен катар Рубио Иранды стратегиялык Ормуз кысыгынан өткөн кемелерден акы алуу системасын киргизгени жатат деген маалыматка байланыштуу сындады.

“Баса, алар эл аралык суу каналынан өтүү үчүн акча алуу системасына Оманды да тартууну көздөйт. Мындайга бир да өлкө макул болбошу керек”, - деп айтты америкалык башкы дипломат.

Тегерандын өзөктүк программасы жана Ормуз кысыгын ачуу маселелери өзгөчө талаш жаратууда.

8-апрелде атышпоо макулдашуусу ишке киргенден бери тараптар тынчтык орнотуу үчүн сүйлөшүүлөрдү улантып келатат.

АКШнын президенти Дональд Трамп Ислам жумуриятынын сунуштарын “таштанды” деп атаганы бар. Ал Вашингтон кабыл алгыдай келишим түзүлбөсө мындан да катуу сокку уруларын эскерткен.

18-майда Трамп Перс булуңундагы өлкөлөрдүн лидерлеринин өтүнүчү менен Иранга каршы жаңы чабуул коюуну убактылуу токтотконун, олуттуу сүйлөшүү жүрүп жатканын билдирген.

Ал эми Тегеран Ислам жумуриятынын уран байытуу укугун сактоону, согушту бардык аймакта, анын ичинде Ливанда да токтотууну, өлкөнүн активдерин камактан чыгарууну талап кылууда.

Вашингтон Ирандын атомдук программасы курал чыгарууну көздөйт деп айтып келет, Тегеран муну четке кагууда.


Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG