Вашингтондо Ак үйдүн жанында ок атуу болуп, шектүү атып өлтүрүлдү

Вашингтон, Ак үйдүн жанындагы күч кызматкрелери. 23-май, 2026-жыл

АКШнын жашыруун кызматы жекшембиге караган түнү (жергиликтүү убакыт боюнча 23-май, кечки саат 18.00 чамасында) Вашингтондо Ак үйдүн жанында туш келди ок ачкан киши атып өлтүрүлгөнүн билдирди.

Ок атышуу учурунда көчөдөн өтүп бараткан киши жараат алганы кабарланды.

Америкалык маалымат каражаттары шектүү 21 жаштагы Насир Бест экенин, ал буга чейин да Жашыруун кызмат менен тирешкенин жазышты.

Окуя Ак үйдүн алдындагы кабарчылар ассоциациясынын президент Дональд Трамп катышкан аземинде ок атуу болгондон бир айдан кийин катталды.

Ак үйдүн жанында чакты жолу ок атышууунун добушун укканын CNN каналынын кабарчылары билдиришти

ABC телеканалынын кызматкери Селина Ван ок атуунун добушу угулуп жатканы тууралуу видеону Х түйүнүнө жарыялады.

Дагы караңыз

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоо тартиби бекитилдиЖол тескөөчүнү машинеси менен сүйрөп кеткен айдоочу кармалды