Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:43

Мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоо тартиби бекитилди

"Ынтымак ордо".
"Ынтымак ордо".

Кыргызстанда мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишин баалоо тартиби бекитилди. Ага ылайык, кызматкерлер жылына эки жолу баалоодон өтүп, анын жыйынтыгында “мыкты”, “жакшы”, “канааттандырарлык” жана “канааттандырарлык эмес” деген баа берилет.

Кызматкер “мыкты” деген баа алса аны кызматынан көтөрүүгө сунуш берилет. Сыйлоо (материалдык же материалдык эмес), квалификациясын чет өлкөдө жогорулатууга жөнөтүү, мурда берилген тартиптик жазаны алып салуу сунушталат.

“Канааттандырарлык эмес” деген баа алгандарды кызмат ордунан бошотуу, тартиптик жаза колдонуу сунушу берилет.

Министрлер кабинетине караштуу Мамлекеттик кызмат жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу иштери боюнча мамлекеттик агенттик кабарлагандай, президент Садыр Жапаров кол койгон жарлык 1-июнда күчүнө кирет. Мекеме бул жарлык мамлекеттик жана муниципалдык кызматкерлердин ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу үчүн кабыл алынганын билдирди. (BTo)

Шерине

XS
SM
MD
LG