Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 02:33

АКШда Улуттук чалгын мекемесинин башчысы кызматтан кетүүгө арыз берди

Тулси Габбард Конгрессте. (архив)
Тулси Габбард Конгрессте. (архив)

АКШнын улуттук чалгын кызматынын жетекчиси Тулси Габбард кызматынан кетүүгө арыз берди. Бул тууралуу жума күнү Fox News маалымдаган. Кийинчерээк Габбард өзү да маалыматты ырастап, кызматтан кетүү тууралуу арызын X соцтармагына жарыялады.

"Мен үчүн Америка элине Улуттук чалгын кызматынын директору катары кызмат кылуу чоң сыймык болду", - деп жазды ал.

Габбард арызында күйөөсүндө "сөөк рагынын өтө сейрек формасын" аныкташканын жана ага колдоо көрсөтүү үчүн кызматтан кетүүнү чечкенин жазды. Президенттик администрациядан ал 30-июнда кетет.

АКШ президенти Дональд Трамп Тулси Габбарддын орун басары Аарон Лукас Улуттук чалгын кызматынын жетекчисинин милдетин аткаруучу болорун билдирди. Ал Габбард "өтө мыкты иштегенин" кошумчалады.

Reuters өз булагына шилтеме кылып Ак үй Габбардды кызматтан кетүүгө мажбур кылганын билдирди. Апрелде Трамп башкы прокурор Пэм Бондини жумуштан алган. Reuters булактары Трамп Иран менен согуштан улам басым өсүп жатканда министрлер кабинетинде өзгөртүүлөрдү улантууну көздөп жатканын айтышкан. Булактардын бири Трамп акыркы айларда улуттук чалгындын башчысынын ишине канааттанбаганын билдирип келгенин маалымдаган.

Габбард улуттук чалгындын директорлугуна 2025-жылы февралда дайындалган. Бул кызматка анын талапкерлигин Трамп сунуштаган. Ал өкмөттүк чатта саясатты, жеке мамилелерди жана жынысты өзгөртүүчү операцияларды талкуулаган жүздөн ашуун кызматкерди иштен кетирген жана мекеменин штатын 40% кыскартууну көздөгөн.

2013-жылдан 2021-жылга чейин ал Конгресстеги Өкүлдөр палатасында Гавайи штатынан өкүл болгон. Ага чейин АКШнын армиясында кызмат өтөп, подполковник чинине жеткен.

Габбард АКШнын башка аймактардагы аскердик жана саясий чыр-чатактарына каршы чыгып келген. Ал Жо Байдендин администрациясын украин элин "замбирек бутасы" катары колдонуп, жаңжалды созуп келет деп айыптаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG