Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Май, 2026-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 01:48

ФИФА Ирандын Ислам ыңкылабына чейинки желегин стадионго алып кирүүгө тыюу салышы ыктымал

Ирандын Ислам ыңкылабына чейинки желеги
Ирандын Ислам ыңкылабына чейинки желеги

Футбол боюнча эл аралык федерация – ФИФА дүйнө чемпионатында ышкыбоздорго Ирандын Ислам ыңкылабына чейинки желектерди стадионго алып кирүүгө тыюу салууну пландап жатканы кабарланды.

Ушундай эле чара мындан төрт жыл мурун Катардагы биринчилик учурунда көрүлгөндө ирандык оппозиция жана диаспора өкүлдөрү катуу нааразылыгын билдирген.

The New York Times гезитинин спорт жаңылыктарын чагылдырган The Athletic басылмасы 19-майда жазганына караганда, ФИФА стадиондордогу жүрүм-турум тууралуу кодексине шилтеме менен "кимдир бирөөгө акаарат келтирген, дискриминация кылган, саясий мүнөздөгү баннер, желек, кийим-кечеге жана башка атрибуттарга тыюу салынарын" билдирди.

Маалыматта белгиленгендей, Ирандын футбол федерациясы ФИФАга улуттук командасынын катышуусуна байланыштуу бир катар шарттарды, анын ичинде “ирандык тууну урматтоо” талабын жолдогон. Эл аралык федерация өз кезегинде жакында Ирандын футбол жетекчилери менен жолугушууну “мыкты” жана “конструктивдүү” деп сыпаттаган.

Бельгия парламентинин депутаты, теги ирандык Дария Сафаи жылдар бою Ирандагы аялдардын спорт стадиондоруна баруу укугу үчүн күрөшүп келген. Анын айтымында, ФИФАнын тыюусу диаспоранын күйөрмандарын токтото албайт.

“Ал – менин чыныгы желегим”, - деп айтты депутат.

Күн менен арстан тартылган туу Иранда 1906-1907-жылдары конституциялык ыңкылабдан кийинки символго айланган.

1980-жылы Ислам жумурияты негизделгенден көп өтпөй аны алмаштырышкан.

11-июнда башталып жаткан дүйнө биринчилигинде Иран G тайпасында Жаңы Зеландия, Бельгия жана Египет менен беттешет.


Шерине

XS
SM
MD
LG