Газага гуманитардык жардам жеткирип бараткан активисттер Израилдеги абактан бошотулду. Бул тууралуу Global Sumud Flotilla миссиясынын уюштуруучулары билдирди. Алардын маалыматына караганда, бир нече киши жаракаттар менен ооруканага жеткирилди, бери дегенде 15 киши сексуалдык ыдыкка, анын ичинде зордуктоого туш болгонун айтып беришти.
Израилдин Жаза аткаруу кызматы мындай дооматтарды негизсиз, жалган деп четке какты жана кармалгандарга мыйзамга ылайык мамиле кылышканын билдирди. Кабарды тараткан Рейтер агенттиги зомбулук тууралуу маалыматты өз алдынча тастыктай албаганын жазды.
Германия бийлиги айрым жарандары жарадар болгонун, кээ бир айыптоолор “олуттуу” экенин билдирсе, Италиянын юстиция тармагындагы булактар прокуратура ыктымал кылмыштарды, арасында адамды уурдоо жана сексуалдык зомбулук учурларын териштирип жатканын айтты.
Апта башында Израилдин полициясы 50дөн ашуун кемеден турган флотилиянын 430 мүчөсүн эл аралык сууда кармаган.
20-майда жарык көргөн видеодо израилдик күчтөр жана коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин активисттерге ырайымсыз мамиле кылганы, колдорун байлап чөгөлөткөнү, мазактаганы эл аралык коомчулуктун катуу нааразылыгын жараткан.
Италия министрге санкция салууну, Испания жазалоочу чаралардын мөонөтүн узартууну караштырууда.
“Сексуалдык ыдык тууралуу кеминде 15 даттануу түштү. Жакын аралыктан желим ок менен атышкан. Он киши сөөктөрү сынганын айтууда”, - деп билдирди Global Sumud Flotilla Телеграм каналындагы постунда.
Франциялык 37 жарандын кайтып келүүсүн уюштурууга көмөктөшкөн Сабрина Шарик беш активист Түркияда ооруканага жаткырылганын Рейтердин кабарчысына айтып берди. Айрымдарынын кабыргасы же омурткасы сынган, башкалары сексуалыдк зомбулук учурларын айтып берди, - деп кошумчалады ал.
Шерине