Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2026-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:33

"Газага бараткан активисттерди мазактаган". Израилдик министрдин жоругу сынга кабылды

Итамар Бен-Гвир өзү жарыялаган видеодон алынган кадр. Окуя болгон жер. 2026-жылдын 20-майы.
Итамар Бен-Гвир өзү жарыялаган видеодон алынган кадр. Окуя болгон жер. 2026-жылдын 20-майы.

Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин жоругу бир катар өлкөлөрдө сынга кабылды. Ашынган оңчулдар партиясынын лидери Газага бараткан гуманитардык флотилиядагы активисттерди кемсинткен видеосунан улам бир нече мамлекет Израилдин элчилерин чакырып, нааразылыгын билдиришти.

"Бул жерде биз кожоюнбуз!"

Министр өзү жарыялаган видеодо израилдик полиция гуманитардык флотилияда бараткан чет өлкөлүк активисттерди кармап, колдорун таңып, чөгөлөтүп койгону, өтө орой мамиле кылышканы тартылган.

Итамар Бен-Гвир кармалгандарды мазактап, Израилдин чоң желегин көтөрүп алып, өлкөнүн гимнинин фонунда “Израилге кош келдиңер, биз бул жерде кожоюнбуз”, - деп айтты.

Ал видеонун астына “Биз террорчуларды ушинтип тосуп алабыз” деген комментарий жазды.

Израилдин аскердик кемесине жеткирилген активисттер башын жерге салып отурганын, Бен-Гвир өтүп баратканда бир аялдын “Палестинага боштондук!” деп кыйкырганда аны жерге жыгып басышканын көрүүгө болот.

“Алар бул жерге баатырлардай болуп сыймыктануу менен келишкен эле, эми кийген кейпин карасаңар. Карагыла, баатырлар эмес, терроризмдин жактоочулары. Мен премьер Нетаньяхуга мага аларды бергиле, террорчулар отурган түрмөгө бергиле деп айтам. Ушундай болуш керек”, - деп айтты израилдик министр.

Адамдын ар-намысын тебелеген мамиле

Мындай четтен чыккан окуяга эл аралык реакция өзүн күттүргөн жок. Улам бир өлкө нааразылыгын билдирип, катуу чара көрүүнү талап кылууда.

Испаниянын өкмөтү өз жарандарына карата жасалган мындай мамилени жоопсуз калтырбай турганын эскертти жана Бен-Гвирге каршы санкциялардын мөөнөтү узартыларын белгиледи.

Израилдик министрдин сынга кабылган жоругу
please wait

No media source currently available

0:00 0:03:22 0:00

“Мен израилдик министр менен полициянын флотилия мүчөлөрүнө адилетсиз, кемсинтүүчү, адамдын ар-намысын тебелеген мамиле кылган үйрөй учурган, адамгерчиликсиз видеону көрдүм. Алардын арасында испаниялык эркектер менен аялдар бар, биз буга абдан тынчсызданып жатабыз. Бул адамгерчиликке жатпаган мамиле деп кайталайм. Израилден кечирим суроону талап кылам... Видеодогу израилдик министрге (Бен-Гвирге) Испания мурда эле санкция киргизгенин, ага биздин өлкөгө кирүүгө тыюу салынганын белгилей кетейин. Жакын арада мындай чара Евробиримдиктин алкагында кабыл алынат, - деп айтты Испаниянын тышкы иштер министри Хосе Мануэл Албарес.

Былтыркы миссиянын катышуучулары да кармалган. Тунис, 13-сентябрь 2025-жыл
Былтыркы миссиянын катышуучулары да кармалган. Тунис, 13-сентябрь 2025-жыл

Окуяны Европа комиссиясы, Европа кеңешинин төрагасы Антонио Кошта, Италия, Түркия, Франция, Германия жана бир катар башка өлкөлөр айыптады.

Италиянын өкмөт башчысы Жоржа Мелони жана тышкы иштер министри Антонио Таяни шаршембиде биргелешкен билдирүүдө активисттерге, анын ичинде италиялык жарандарга кылынган адамдын ар-намысына шек келтирген мамилени “кабыл алынгыс” деп аташты. Мелони Израилден кечирим суроону талап кылды.

Франциянын тышкы иштер министри Жан-Ноел Барро Израилдин Париждеги элчисин чакыртып, түшүндүрүүнү талап кылды.

Ирландиянын башкы дипломаты Хелен МакЭнти окуя аны деңдароо калтырганын, флотилиянын катышуучуларынын адамдык кадыр-баркы тепселенгенин билдирди.

Израилдик министрдин кылгандарын Тел-Авивдин өнөктөшү АКШ да сындады.

Нетаньяху кемелердин кармалышын кубаттаган

Бен-Гвирдин мындай жүрүм-турумун Израилдин тышкы иштер министри Гидеон Саар да сындап, ал өлкөнүн кызыкчылыгына доо кетирип жатат деп айтты.

X социалдык тармагындагы постунда ал коопсуздук министри "ЦАХАЛдын жоокерлеринен баштап ТИМдин кызматкерлерине чейин көптөгөн адамдардын зор кесиптик аракеттерин жокко чыгарганын" жазды.

Өкмөт башчы Биньямин Нетаньяху мындай мамиле Израилдин баалуулуктарын чагылдырбайт деп, ошол эле маалда флотилиянын кармалышын жактады.

Премьер кербен кармалганда жоокерлерди куттуктаган:

“Жоокерлерге менин куттуктоомду жолдоп койгула. Сиздер буга чейинки флотилияга, бул жолкусуна каршы да мыкты иш кылып жатасыңар. ХАМАС тобунун Газадагы террорчуларды обочолонтуу үчүн биз орноткон блокаданы жырып өтүү боюнча карасанатай пландарга жол бербей, натыйжалуу иштеп атасыңар. Мындан жазбагыла”.

Нетаньяху кармалган активисттердин бардыгын тезирээк үйүнө депортация кылуу тапшырмасын берди.

Global Sumud Flotilla өткөн шейшембиде эл аралык суу аймагында кармалган. Газага гуманитардык жардам жеткирип бараткан кемелердин кербени Түркиянын түштүгүндөгү Мармарис портунан жолго чыккан.

Өз катери менен кербенге кошулган түркиялык активист Ахмет Сойленмез абалды мындайча сүрөттөгөн:

"Бул биздин миссиябыздын бешинчи күнү. Биз 14-майда Түркиядан жолго чыкканбыз. Бүгүн эртең менен саат 10 жарымдарда бир нече израилдик аскердик кемени байкадык. Алар флотилиядагы улам бир кемебизди кармоого киришти... Биз жарандык гуманитардык миссиябыз, биз аскер эмеспиз, карапайым кишилербиз. Жан сактоочу желеткелерди кийип турабыз".

Былтыр октябрда ок атышуу токтогонуна карабай Газа тилкеси каатчылыктан жапа чегип келатат.

Уюштуруучулардын айтымында, 430 чакты активист кармалды, арасында 40 өлкөнүн өкүлдөрү бар. Бардыгы болуп флотилия 50дөн көп кемеден куралган.

Акцияны түркиялык IHH гуманитардык фонду уюштурган.

Буга чейинки флотилияларга да Израил тоскоолдук кылган.

  • 16x9 Image

    Айнура Жекше кызы

    "Азаттыктын" Прагадагы кеңсесинин кызматкери, журналист, котормочу. Кыргыз улуттук университетинин чет тилдер факультетин аяктаган.

Шерине

XS
SM
MD
LG