Израилдин улуттук коопсуздук министри Итамар Бен-Гвирдин жоругу Европа, Канада, Жаңы Зеландияда гана эмес, Тел-Авивдин өнөктөшү болгон АКШда, өлкөнүн өзүндө катуу сынга кабылды. Ашынган оңчулдар партиясынын лидери Газага бараткан гуманитардык флотилиядагы активисттерди кемсинткен, колдорун байлап, чөгөлөтүп койгон видеосунан улам бир катар мамлекеттер Израилдин элчилерин чакырып, нааразылык билдиришти.
Шерине