Орусиянын оккупациясында калган Луганск облусунда жайгашкан Старобельск шаарындагы коллежге жана жатаканасына жасалган соккудан мерт кеткендердин саны 10го жетти, дагы 38 адам жаракат алды. Бул тууралуу өзүн Луганск эл республикасы деп жарыялап алган аймактын Орусия дайындаган башчысы Леонид Пасечник кабарлады.
Мындан тышкары 11 студент дайынсыз болууда. Пасечниктин сөзүнө караганда, куткаруучулар түнү менен урандылардын алдын тазалап чыгышты, куткаруу иштери уланып жатат.
Буга чейин орусиялык бийлик 22-майга караган түнү украин дрондору Старобельскидеги кесиптик коллеж менен жатаканасына сокку урганын билдиришкен. Пасечниктин айтуусунда, жатаканада 80ден ашуун адам, жалпысынан 14-18 жаштагы балдар жана өспүрүмдөр болгон.
Орусиянын президенти Владимир Путин окуяны теракт деп атап, Коргоо министрлигине жооп сокку даярдоону тапшырган.
Украинанын Куралдуу күчтөрүнүн башкы штабы коллежге сокку урганы тууралуу маалыматты төгүндөөдө. Башкы штаб Орусия бийлигинин билдирүүсүн "манипуляциялык маалымат" деп атады.
Оккупациядагы Луганскиде коллежге урулган соккудан каза болгондор онго жетти
Шерине