Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:36

Мигранттарга орусиялыктар менен никелешүү депортациядан куткарбасы эскертилди

Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.
Орусиядагы мигранттар. Иллюстрациялык сүрөт.

Юрист Зара Горбушина Орусиядагы мигранттарга кайрылып, орус жараны менен никеге туруу аларды депортациядан куткара албасын эскертти.

"Чет элдик жарандардын арасында тараган орусиялык жаранга никелешүү бардык миграциялык маселелерди, анын ичинде депортацияны алдын алууну автоматтык түрдө чечет деген туура эмес түшүнүк. Тилекке каршы, андай эмес. Орусиянын Жогорку соту өз позициясын так билдирди - үй-бүлөлүк мамилелер өлкөдөн чыгаруудан коргоп кала албайт, айрыкча, бул чечим нике расмий катталганга чейин чыгарылган болсо", - деген юристтин сөзүн Gazeta.ru. жазды.

Чет өлкөлүк жарандын Орусиядан депортацияланышына көп учурда документтеринин мөөнөтү аякташы, чек арадан мыйзамсыз кирүү жана Ички иштер министрлигинин (ИИМ) коомдук тартипке коркунуч тууралуу чечими себеп болуп келет.

Горбушина үй-бүлө миграциялык көзөмөлдөн бошото албасын, ал эми чогуу жашабай жасалма катталган нике жокко чыгарылышы ыктымлдыгын белгиледи.

"Нике макам алуу үчүн гана формалдуу эмес, чыныгы сезимдердин негизинде болгону маанилүү. Чогуу жашабаган жасалма нике жана тараптардын биринин пайдасы үчүн сейрек байланыштар жокко чыгарылып, олуттуу укуктук кесепеттерге алып келиши ыктымал", - деди Горбушина.

Орусия ИИМинин маалыматына караганда, 2025-жылы өлкөдөн 72 миң мигрант депортацияланган. Быйылкы жыл башынан бери дагы оң миңдеген чет өлкөлүк жаран чыгарылганын апрелде маалымдаган.

Буга чейин Мамдуманын төрагасы Вячеслав Володин өзүнүн Telegram каналында депутаттар мигранттарды депортациялоонун негиздерин дээрлик эки эсе - 22ден 43кө чейин кеңейтүүнү көздөп жатышканын жазган. Алардын ичине коомдук тартипти бузуу, полициянын же Росгвардия кызматкерлеринин талаптарына баш ийбөө, инфратүзүм объекттеринин жана транспорттун ишине тоскоолдук жаратууну кошуу пландалууда.

Шерине

XS
SM
MD
LG