23-майдан 25-майга чейин өлкөнүн тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда күтүлүп жаткан нөшөргө байланыштуу сел жүрүшү мүмкүн, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлөт.
24-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт. Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катту жаайт.
Күндүз Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Талас, Ысык-Көл, Нарын облустарынын айрым жерлеринде жаан жаап, күн күркүрөйт, бийик тоолуу райондорунда кар жаайт, Ош, Жалал-Абад, Баткен облустарынын айрым жерлеринде жаан-чачын катуу жаайт.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Абанын температурасы:
Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 7…12, күндүз 21…26
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 6…11, күндүз 16…21
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 11…16, күндүз 19…24
Ысык-Көл облусунда түнкүсүн 5…10, күндуз 13…18
Нарын облусунда түнкүсүн 3…8, күндүз 13…18
Бишкек шаарында ала булут каптап турат, жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге чейин жетет. Абанын температурасы түнкүсүн 9…11°, күндүз 22…24° болот.
Шерине