Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2026-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 01:32

Жапаров менен Рахмон кызматташтыкты жана алдыдагы иш-чараларды талкуулашты

Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон. Коллаж сүрөт.
Садыр Жапаров менен Эмомали Рахмон. Коллаж сүрөт.

Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров 23-майда Тажикстандын президенти Эмомали Рахмон менен телефон аркылуу сүйлөштү.

Президенттер кыргыз-тажик кызматташтыгынын актуалдуу маселелерин, ошондой эле эки өлкөнүн элдеринин ортосундагы ынтымак жана коңшулук мамилелерди мындан ары да чыңдоонун келечегин талкуулашты.

Эки жетекчи мурда жетишилген мамлекеттер аралык макулдашууларды иш жүзүнө ашырууну улантуунун маанилүүлүгүнө токтолушту. Ошондой эле саясий диалогду, соода-экономикалык жана маданий-гуманитардык кызматташтыкты мындан ары тереңдетүүгө даяр экендиктерин ырасташты.

Сүйлөшүүнүн жүрүшүндө мамлекет башчылары алдыдагы жолугушуулар тууралуу сүйлөшүп, анын ичинде Кыргызстандын төрагалыгы алдында Бишкек шаарында өтө турган Шанхай кызматташтык уюмунун (ШКУ) саммитине өзгөчө көңүл бурушту.

Мындан тышкары президенттер эл аралык жана аймактык айрым маселелер боюнча да пикир алмашты.

Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы соода-экономикалык алака 2021-жылы чек арадагы кандуу окуядан кийин кескин солгундап, 2024-жылга карай дээрлик жокко эсе болуп калган.

2025-жылдын 13-мартында Бишкекте Кыргызстан менен Тажикстандын мамлекеттик чек арасы жөнүндөгү келишимге эки өлкөнүн президенттери кол койгондон кийин Баткен районундагы “Кызыл-Бел” өткөрмө бекети эл аралык деңгээлде, ал эми Лейлек районундагы “Кайрагач” бекети эки тараптуу болуп кайра ачылган.

Эки өлкө ортосунда “Кулунду” (“Овчи-Калъача”), “Кызыл-Бел” (“Гулистон”), “Кайрагач” (“Маданият”), “Карамык” жана “Бор-Дөбө” (“Кызыл-Арт”) аттуу беш өткөрмө бекети бар.

Чек ара такталгандан кийин соода алкасы кайра жанданган.(ZKo)

Шерине

XS
SM
MD
LG