Вьетнамда өтүп жаткан жаштар арасындагы Азия чемпионатында (U-23) грек-рим күрөшүнөн Кыргызстандын балбандары алты медал алды.
Ырыскелди Хамзаев (72 килограмм), Эрлан Марс уулу (82 килограмм) жана
Нурболот Токтогонов (130 килограмм) Азия чемпиону болушту.
Жеңиш Жумабеков (97 килограмм) күмүш медал тагынса, Нуристан Сүйөркулов (60 килограмм) менен Баяман Каримов (67 килограмм) коло байге алды.
Мелдештер 31-майга чейин уланат. Алдыда грек-рим күрөшүнөн калган салмакта беттештер болот. Андан тышкары кыз-келиндер күрөшү жана эркин күрөш боюнча балбандар күч сынашат. (BTo)
Шерине