Бишкектин Ленин райондук соту президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун бөгөт чарасын карап, 17-июлга чейин камакка алды. Соттук процесс 22-майда болуп, судья УКМКнын Башкы тергөө башкармалыгынын өтүнүчүн канааттандырды. Бул тууралуу маалыматты "Азаттыкка" райондук соттун басма сөз кызматы билдирди.
Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет (УКМК) Кубандыков кармалганын 21-майда билдирген.
Атайын кызматтын маалыматында, ал жана дагы бир адам (А.К.Т.) чет өлкөлүк инвесторлорду алдап, өзгөчө ири өлчөмдө зыян келтирген деп шек саналууда.
Бул факты боюнча Кылмыш-жаза кодексинин “Алдамчылык” беренеси менен кылмыш иши козголду. Ушул тапта кылмышка тиешеси бар бардык адамдарды аныктоо, ошондой эле ушуга окшош башка фактыларды табуу боюнча тергөө амалдары жүрүп жатат.
УКМК шектүүлөрдүн аты-жөнүн толук жарыялаган жок. Бирок мекеме тараткан инициалдардын бири Жаныбек Кубандыковдун аты-жөнүнө туура келет.
Ал буга чейин Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеген жана Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу. “Азаттык” Медина Кайрылбекова менен байланышканда күйөөсү кармалганы тууралуу маалыматты четке каккан.
Кубандыковдун адвокаттары же башка тарапкерлери, жакындары атайын кызматтын ал тууралуу жарыялаган маалыматына азырынча комментарий бере элек.
Шерине