Орусиянын Коргоо министрлиги Украинадагы жапырт чабуулда "Кинжал", "Циркон" жана "Орешник", "Искандер" ракеталары колдонулганын ырастады.
Мекеме 24-майга караган түнү Украинага баллистикалык, гипердобуштуу жана канаттуу ракеталарды, мындан тышкары учкучсуз учактарды колдонуу менен жапырт чабуул коюлганын билдирди. Муну Орусиянын жарандык объектилерине карата Украинанын чабуулдарына жооп деп атады.
«Соккулар өз максатына жетти, бутага алынган бардык объектилер талкаланды», — деп жазылган Орусиянын Коргоо министрлиги тараткан маалыматта.
Украинанын президенти Владимир Зеленский 23-майда Орусия "Орешник" ракеталары менен чабуул коюуга даярданып жатканы тууралуу чалгындын маалыматы бар экенин жарыялаган.
24-майга караган түнү орус армиясы Украинага жапырт сокку урган. Зеленский акыркы маалыматтарынын биринде негизги бутага Киев шаары алынганын айтты. Украинанын Аба күчтөрү бул түнү 549 дрон жана 55 ракета учурулганын, анын арасында "Орешник" да бар болушу ыктымалдыгын билдирген.
Соңку маалымат чабуулдан Киев облусунда эки киши каза тапты, 56сы жараат алды. 30 киши ооруканага түштү, анын экөө балдар. Шаардык дээрлик бардык райондору зыян тартты. Киевдин муниципалдык академиялык опера жана балет театры, "Чернобыль" улуттук музейине да зыян келтирилди.
"Киев үчүн коркунучтуу түн болду. Азыр куткаруучулар өрттөрдү өчүрүп, урандыларды тазалап жатышат. Медиктер жапа чеккендерге жардам көрсөтүүдө", – деп жазды Киевдин мэри Виталий Кличко.
Украин армиясынын Коммуникация башкармалыгынын башчысы Юрий Игнат "Орешник" ракетасы Киев облусунун Белая Церковь шаарындагы аймакка тийгенин тастыктады. Өлкөнүн прокуратурасы эртең менен куралдын түрү аныкталып жатканын айткан.