Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Май, 2026-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 01:44

Киевде Орусиянын жапырт соккусунда бир нече киши каза тапты, жараат алгандар 50дөн ашты

Киевдеги чабуулдардын кесепети. Украина, 24-май, 2026-жыл
Киевдеги чабуулдардын кесепети. Украина, 24-май, 2026-жыл

Орусиянын армиясы 24-майга караган түнү Украинанын борбору Киевге жана Киев облусуна дрон, ракеталар менен жапырт чабуул койду. Анда каза тапкандар бери дегенде төрткө жеткенин, акыркы маалымат боюнча кеминде 56 киши жараат алганын Украина тарап билдирди.

Жараат алгандардын 30у ооруканага жаткырылды, арасында эки бала бар. Үч кишинин абалы оор.

"Киев үчүн эң коркунучтуу түн болду. Азыр куткаруучулар өрттөрдү өчүрүп, урандыларды тазалап жатат", — деп жазды Киев шаарынын мэри Виталий Кличко соцтармактардагы баракчаларына.

Кличко жапырт чабуулдан шаардын дээрлик бардык райондору зыян тартканын айтты.

Дрондор жана ракеталар көп кабаттуу үйлөргө тийип, өрт чыкты. Автоунаалар өрттөндү. Кулатылган дрондордун калдыктары дүкөн, социалдык жайлар жана соода борборлорунун имараттарына түштү.

Орусиянын Коргоо министрлиги күнүмдүк маалыматында 23-май кечки саат 20:00дөн 23-май таңкы саат 7ге чейинки аралыкта абадан коргонуу күчтөрү украиналык 33 дронду атып түшүргөнүн маалымдады.

Орусия Украинага негизсиз кол салган 2022-жылдын февралынан бери күн сайын сокку уруп, бейкүнөө киши өлүмү, жараат алгандар көбөйдү. Киев Москванын согушуна жооп иретинде, орусиялык мунай заводдорун жана армияны каржылаган башка объектилерге маал-маалы менен сокку уруп келатат.

Куржундар

Шерине

XS
SM
MD
LG