Президент Жапаровдун "бир да кыргызстандык коомдук кеңешчиси жок экени" айтылды

Аскат Алагөзов.

Президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов мамлекет башчынын коомдук кеңешчиси же коомдук жардамчысы деген кызматта бир да кыргызстандык жок экенин билдирди. Бул тууралуу ал 25-майда Фейсбуктагы баракчасына жазды.

“Эске салсам, президент Садыр Жапаров милдеттерин коомдук башталышта аткарып жаткан кеңешчилери менен жардамчыларынын баарын 2024-жылы сентябрда Президенттин администрациясын реформалоо жана башкаруунун натыйжалуулугун арттыруунун алкагында бошоткон (коомдук башталыштагы жети жардамчы жана коомдук башталыштагы 19 кеңешчи). Учурда Кыргыз Республикасынын президентинин коомдук башталыштагы кеңешчиси Binance криптовалюта биржасынын негиздөөчүсү Чанпэн Чжао гана (санарип активдери жана блокчейн технологиялары маселелери боюнча)”, - деди Алагөзов.

Басма сөз катчынын мындай билдирүүсү коомчулукта президенттин мурдагы кеңешчиси Жаныбек Кубандыковдун алдамчылыкка шек саналып кармалышына байланыштуу талкуу жүрүп жатканда жасалды.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет Кубандыковду кармаганын 21-майда билдирип, ал жана дагы бир адам (А.К.Т.) чет өлкөлүк инвесторлорду өзгөчө ири суммада алдоого шектелгенин тактаган.

Бишкектин Ленин райондук соту 22-майда Кубандыковдун бөгөт чарасын карап, 17-июлга чейин камакка алуу чечимин чыгарган.

Жаныбек Кубандыков мурда Садыр Жапаровдун кеңешчиси болуп иштеген жана Жогорку Кеңештин депутаты Медина Кайрылбекованын жолдошу. “Азаттык” Медина Кайрылбекова менен байланышканда күйөөсү кармалганы тууралуу маалыматты четке каккан.

Кубандыковдун адвокаттары же башка тарапкерлери, жакындары атайын кызматтын ал тууралуу жарыялаган маалыматына азырынча комментарий бере элек.

Дагы караңыз

Депутат Бишкекте нак акча менен жол кире төлөөнү тыюу демилгесин сындадыБылтыр 8,4 миңдей адамга сарык жуккан Эдил Байсалов АКШ президенти Дональд Трампка ишеним грамотасын тапшырдыМанаска өзгөчө кырдаал режими киргизилди