Президент Садыр Жапаров "Мамлекеттик жөлөкпулдар жөнүндө" мыйзамга кол койду. Аталган мыйзам мамлекет башчынын быйыл март айындагы "Үч жашка чейинки балдарга ай сайын мамлекеттик жөлөкпулду киргизүү жөнүндө" жарлыгын ишке ашыруу максатында кабыл алынды. Жарлыкка ылайык, 1-июлдан тартып 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөкпул үй-бүлөнүн кирешесине карабастан бериле баштайт.
"Бала ырысы" деп аталган мамлекеттик мыйзам балдарга төрөлгөн күндөн тартып 3 жашка чыкканга чейин ай сайын берилүүчү жөлөкпул. "Бала ырысы" ата-эне (баланын мыйзамдуу өкүлү) жөлөкпул дайындоо арызы менен кайрылган жана бала (балдар) жөлөкпул алуучу менен чогуу жашаган учурда дайындалат. Бир эле учурда эки жана андан көп бала төрөлгөндө "Бала ырысы" жөлөкпулу ар бир балага өзүнчө чегерилет.
Жарандар "Бала ырысы" жөлөкпулун "бийик тоолуу аймактардын жашоочуларына көмөк" ар айлык жөлөкпулун кошпогондо мамлекеттик жөлөкпулдардын башка түрлөрүн алганына карабастан алууга укуктуу.
Аталган жөлөкпулду берүү бала үч жашка чыкканда токтойт.
Мыйзамда "Бала ырысы" жөлөкпулу 2023-жылдын 1-августунан тартып төрөлгөн балдарга дайындалары белгиленген.
Мыйзам Жогорку Кеңеш 29-апрелде кабыл алган.
Министрлер кабинети быйылкы жылы үч жашка чыга элек балдарга жөлөкпул берүү үчүн бюджеттен 3 миллиард 316 миллион сом бөлөрү кабарланган.
Улуттук статистика комитетинин маалыматына ылайык, Кыргызстанда үч жашка чейинки 445 миңдей бала бар.
Учурда 16 жашка чейинки балдары бар муктаж үй-бүлөлөргө "Үй-бүлөгө көмөк" деп аталган 1200 сом өлчөмүндө мамлекеттик жөлөкпул берилет. Бийик тоолуу жана алыскы райондордо жашаган үй-бүлөлөр үчүн жөлөкпулдун өлчөмү аймактык коэффициент менен эсептелинет.
Бирок жөлөкпул алуудагы түйшүк, кыйынчылыктар тууралуу нааразылык айтылып турат. 1200 сом өлчөмүндөгү жөлөкпулду алуу үчүн үй-бүлөнүн кирешеси жан башына 1000 сомдон жогору болбошу керек деген жобосу элдин нааразычылыгын жаратып келген.(ZKo)